ООГАНСТАНДА ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛОО ӨТТҮ

Ооганстанда 1969-жылдан берки алагачкы параламенттик шайлоо өттү. Жаңы парламентти түзүү - талиптерден кийинки демократиялык реформаларды аныктаган Бонн процессинин соңку тепкичи. Талип согушкерлеринин коркутуп-үркүтүүлөрүнө карабай, добуш берүү үзгүлтүксүз өткөнү маалымдалууда.
Элдин шайлоого катышуусу эртең менен анча активдүү болбогону менен, түштөн кийин добуш берүүчүлөр шайлоо участкаларына агыла баштады. Айрым жерлерде кезекте турган шайлоочулар добуш бермейинче участкалар жабылбайт деп маалымдалды.

Ооган президенти Хамид Карзай эртең менен добуш берип жатып, коркутуп-үркүтүүлөр шайлоону үзгүлтүккө учуратпайт деген үмүтүн билдирди:

- Мен өзүм жактырган талапкерге жашыруун добуш бергендигиме сыймактанам. Ар бир оогандык жарандай эле эч кандай коркутууларга моюн сунбай өз эркимди билдиргениме кубанычтуумун.

Кабулдагы кабарчыбыз Голназ Эсфандияри айрым добуш берүүчүлөрдү сөзгө тартканда, бардыгы тең добуш берүүгө турмуш оңолот деген илгери үмүт менен катышып жатышканын айтышты:

- Бүгүнкү шайлоо өлкөгө, элге жакшылык гана алып келсин. Биз анын терс жыйынтыгынан чочулап жатабыз. Шайлоо ооган элине жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн жолун ачсын, - дейт кабулдук дарыгер Азиза Аскар.

Парламенттин төмөнкү палатасындагы 249 орун үчүн 2 миң 760 талапкер ат салышты.

Мугалим Ширин Жавид парламентке мурдагы талаа командирлери, лашкербашчылар да кирип калат деген көпчүлүктүн камтамачылыгын билдирди:

- Мен өз каалоомо ылайык добуш бергендигиме кубанам. Арийне айрым талапкерлердин колдору канга боелгон. Президент Карзайга аларды шайлоого катыштыргандыгы үчүн нааразымын. Ошол талапкерлердин колдоочулары да киши өлтүргүчтөр. Кылмышкерлер элдин өкүлдөрү болбоого тийиш.

Шайлоого 215 миңден ашуун байкоочу көз салып турду. Азиядагы эркин шайлоо уюмунан байкоочу Сомсри Хананунтсак Кандагар провинциясында бир адам бир нече жолу добуш берүү учурлары катталганын айтат:

- Кандагардан бир эле кишинин бир нече каттоо карточкасын алганын кабарлашты. Бир нече жерде каттоодон өтсө болот деген буга чейин айтылып жүргөн имиштер чын болуп чыкты.

Бирок БУУ менен Ооганстандын биргелешкен Шайлоо комиссиясынын жетекчиси Питер Эрбен андай фактыларды болтурбоо үчүн башка чаралар көрүлгөн деп ишендирди:

- Добуш берүүчүлөрдүн бармактары сыя менен боелот. Муну менен бир нече жолу добуш берүүнү алдын алса болот. Былтыркы президенттик шайлоодо сыя чатагы чыккандыктан быйыл бул маселеге өзгөчө көңүл бурулду.