Түштүктө Өзбекстандын атайын кызматынын өкүлдөрү жүрөбү?

БИШКЕК. Ош, Жалалабад облустарынын аймагында Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери Анжиян окуяларына тийиштиги бар атуулдарды издеп жүрөт жана ал жергиликтүү калктын тынчызданууларын жаратууда. Бул тууралуу түштүк регионунда болуп келген «Атуулдук коом коррупцияга каршы» өкмөттүк эмес уюмунун лидери Төлөкан Исмаилова 17-сентябрда билдирди. Өзбекстандын атайын кызматтарынын талабы менен Ошто убактылуу кармоо абагында кыргыз атуулу Момун Сабиров жана андан башка эки атуул үй камагында отурат. Бирок алардын күнөөсү далилденген эмес. Ошондуктан аларды бошотуу талабын кыргыз бийлигине коебуз, деп белгиледи Төлөкан Исмаилова.