БИШКЕК. Өлкөдөгү бир катар саясий партиялар «Саясий партиялар жөнүндө» мыйзамга, Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизүү жана Конституциялык реформа жараянын улантуу боюнча аракетин баштайт. Бул маселелерди талкуулоо максатында 22-сентябрда «Достук» мейманканасында саясий партия, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн жана коомчулуктун катышуусу менен тегерек үстөл жыйыны өткөрүлөт. Бул тууралуу «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев 17-сентябрда билдирди.