Кыргызстан он бир өзбек качкынын БУУнун карамагына өткөрүп берди

БИШКЕК. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Оштогу тергөө абагында кармалып турган он беш өзбекстандык бозгундун он бирин БУУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнө өткөрүп берди. Баш прокурор Азимбек Бекназаровдун «Азаттыктын» кабарчысына берген маалыматына караганда, он бир атуул он бешинен он алтынчы сентябрга караган түнү Европа өлкөлөрүнүн бирине чыгарылып кетти. «Калган төрт бозгундун маселеси учурда сотто каралууда. Алардын тагдыры сот кандай чечим кабыл алса ошого жараша болот», - деп кошумчалады Азимбек Бекназаров. Эл аралык маалымат каражаттарынын кабарлоосуна караганда, он бир качкын Улуу Британияга жөнөтүлдү. Ошондой эле жакын арада аларга Белгия, Финляндия жана Нидерландия өлкөлөрү тарабынан качкын макамы берилээри күтүлүүдө.