Кыргызстанда кыйноолор көппү?

БИШКЕК. Кыргызстан кыйноолорго каршы эл аралык конвенцияга кол койгон. Ошондой эле өлкөнүн Кылмыш кодексине 2003-жылы кыйноого тыюу салуу тууралуу өзгөртүү-түзөтүүлөр киргизилген. Ага карабастан 1996-жылдан тарата Кыргызстанда милиция кызматкерлери тарабынан карапайым атуулдарга карата күч колдонуу менен кыйноонун саны жылдан-жылга өсүүдө. Бул тууралуу Кыргызстан адам укугун коргоо комитети тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөдө айтылган. Ошондой эле иликтөөдө Кыргызстандын кайсыл облусунда, качан, кайсыл адамга милиция кызматкерлери тарабынан кандай кыйноо көрсөтүлгөндүгү тууралуу мисалдар келтирилген. Ал эми Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы мындай маалыматты жалган деп төгүндөдү.