Кышка карата калк көмүр менен камсыздалат

БИШКЕК. Бул тууралуу 16-сентябрда «АКИпресс» маалымат агенттигинде «Көмүр» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Пайзулла Рахманов билдирди. Анын айтымында, Каракече көмүр кенинен жылдагыдай эле 400 миң тонна көмүр алынат. Ал эми күзгү-кышкы мезгилде Кыргызстанда 1,5 млн. тоннага жакын көмүр керектелет. Ошондуктан, көмүрдүн калган бөлүгү жылдагыдай эле Казакстандан алынып келинет. Рахманов билдиргендей, Нурлан Мотуев «Акулак» мамлекеттик акционердик коомунун башкармалыгынын жетекчилигинен алынган жок.