Оштогу ок атуу боюнча сот башталды

ОШ. 14-сентябрь күнү Ош шаардык сотунда ушул жылдын 13-июнь күнү депутат Баяман Эркинбаевге таандык деп эсептелинген “Алай” мейманканасынын алдына келе жаткан адамдарга “Калашников” автоматынан ок чыгарган деп шектелген 4 адамдын үстүнөн сот иши башталды. Видео тасмага тартылып калган далилдердин негизинде шектүү деп табылып, мындан эки айдай мурун Болотбек Маматов, Жамалдин Өскөнбаев, Манасбек Токтобаев жана Өмүрбек Баатыров тергөө абагына киргизилген эле. Мындан сырткары ок атууга катышы бар деп шектелген Айбек Чомоев жана Сапар Аканов кармалып, бирок прокуратура органдары тарабынан баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн. Соттун жүрүшүндө алгач жабырлануучулардын жана соттолуучулардын көрсөтмөлөрү угулду. Далил каражаттарды тактоо жана күбөлөрдүн жаңы көрсөтмөлөрүн угууну сот кийинки күнгө калтырды.

Соттолуучуларга Кылмыш-жаза кодексинин 241, 232, 28 жана 97-беренелери боюнча башаламандыктарды уюштурууга катышкан, ок атуучу куралдарды сактаган жана пайдаланган, адам өмүрүнө кол салууга аракеттенген деген айыптоолордун негизинде кылмыш иши козголгон.