Аба ырайы

БИШКЕК. Синоптиктердин айтымында, 15-сентябрда Кыргызстандын аймагы боюнча дээрлик жаан-чачындын болушу күтүлбөйт. Батыштан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Талас дубанында түнкүсүн +7...+12, күндүз +27...+32 градус ысык. Жалалабат, Ош, Баткен жана Чүй облустарында түнкүсүн +13...+18, күндүз +28 градустан +33 градуска чейин ысык болот. Ысыккөл ойдуңунда түнкүсүн +9...+14, күндүз +22...+27 градус жылуу. Тоолуу Нарын жергесинде түнкүсүн +6...+11, күндүз +24...+29 градус.

Бишкек шаары боюнча абанын температурасы: түнкүсүн +14...+16, күндүз +31...+33 градус ысык болот.

Кабарлар топтомун Аманбек Дилденбай, Бурулкан Турдубек кызы жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу