БИШКЕК. Учурда Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагында кармалып турган мурдагы өкмөт башчы Николай Танаев өлкө президентине, баш прокурорго, Жогорку Кеңеш менен Жогорку сот төрагаларына кайрылуу жолдоду. Анда Танаев жогорку бийлик өкүлдөрүн ага карата козголгон айыптоолордун адилеттүү тергелишине жана анын утурумдук тергөө абагында кармалышынын себебин териштирүүгө өз таасирин тийгизүүсүн өтүнгөн. Ошондой эле Николай Танаев ага карата тартип коргоо кызматкерлери тарабынын көрүлгөн чараларды өзгөртүп, боштондукка чыгарууну өтүнгөн. Николай Танаев кыргыз-казак чек арасы аркылуу Казакстанга кетип жаткан жеринен чек ара кызматкерлери тарабынан 6-сентябрда камакка алынган. Буга чейин Николай Танаевге мамлекетке ири өлчөмдө акчалай зыян келтирген деген айып боюнча кылмыш иши козголгон. Көп өтпөй ага Жогорку Кеңештин бир нече депутатынын кепилдиги менен жашаган жеринен эч жакка чыкпоо тууралуу эскертүү берилген. Ал эми Николай Танаев өзүнүн күнөөсү жок экендигин айтып келет.