Мубарак демократияга багыт алат

Египеттин президенттикке бешинчи жолу шайланган башчысы Хосни Мубарак өлкөдө демократиялык реформа жүргүзүүгө убада берди. Ал өзү жетектеген партия мүчөлөрү менен жолугушууда бийлик укуктарынын көбүн парламентке берип, жарандык эркиндиктерди жана көп партиялуулук системасын өнүктүрүүгө жол ачаарын билдирди. Ал эми акыркы шайлоого демократиянын жеңиши деп баа берди. Оппозиция болсо жыйынтык бурмаланды деп жарыя кылган.

Эл аралык акыркы кабарларды Прагадан Бүбүкан Досалиева жана Төрөкул Дооров даярдады