УКРАИНА: ЫҢКЫЛАП ЖАНА БИЙЛИК КҮРӨШҮНҮН ЖАҢЫ БАСКЫЧЫ

Бүбүкан Досалиева, Прага шаары Украинада сары кызгылт революцияны жүзөгө ашырган лидерлердин ортосунда саясий ажырым күчөп баратат. Экс-премьер министр Юлия Тимошенко президент Виктор эмдиги жылкы парламенттик шайлоодо Ющенконун тарабына саясий атаандаш катары катышаарын жарыя кылды.
Украинанын сары кызгылт өкмөтүн 7 ай башкаргандан кийин кызматтан кетирилген Юлия Тимошенко келечек саясий кадамында Виктор Ющенконун бийлигине колдоо көрсөтпөй, атаандаш болоорун ачык айтты:

- Мен жана Виктор Андреевич шайлоого атаандаш болуп барабыз. Бул согуш деген маанини билдирбейт. Бул таптакыр эки башка адамдар кирген эки команда болот дегенди билдирет. Мен шайлоого Украинанын кадырын түшүргөн адамдар менен барбайм.Мен бул жерде президентти айтып жаткан жокмун, мен анын айланасындагы ага эң жакын адамдарды айтып жатам.

Тимошенко менен Ющенко мурдагы президент Леонид Кучманын такыр бузулуп бүттү деген бийлигин кулатып, реформа жасоого бирге аттанышкан.Бирок, жети ай өтпөй жаңы бийлик мурдагыдан да катуу коррупциялашты деген кине менен таркатылды. Айрым аналитиктер буга реформаны жай жүргүзүүнү каалаган солчул саясатчылар Ющенкону тегеректеп алып, радикалдуу кадамдарга баргысы келген Тимошенкону сүрүп чыгарды деп баалап жатышат.

Мындай пикирдегилердин бири, Киевдеги Мохула академиясынын профессору Игорь Лозевдин айтымында, Тимошенко үчүн кайра жаңы мүмкүнчүлүк ачылды,себеби революцияны колдогон калк мурдагы режимдин оңдоп-түзөлүүсүн каалабайт жана ошол эле учурда Януковичтин президент болушун жактырбайт:

- Майдандагы маанайда иш алып барган лидер керек. Алар кечээ аны Тимошкенко деп тандашты.

Лозевдин баамында, Тимошенко шайлоодо жеңиши толук мүмкүн. Анткени, Ющенконун жаңы өкмөтү реформаларды жай жүргүзүп, карапайым калктын жашоосун жакшыртып жибербейт.

Ал эми Экономикалык жана саясий иликтөөлөр борборунун Киевдеги Разумков бөлүмүнүн башчысы Андрей Биченко мындай ойго макул эмес. Анын айтымында, сурамжылоо Тимошенконун беделинин түшүп жаткандыгын көрсөттү:

- Апрелден бери анын популярдуулугу төмөндөп баратат. Апрелде аны Украинанын калкынын 47 пайызы колдосо, августта 31 гана пайызы жактыраарын билдирди. Ал жарым жыл ичинде беделин 20 пайызга түшүрдү.

Биченконун баамында, бул элдин жашоосунун төмөндөшү менен байланыштуу болду. Анткени, элдин 20 гана проценти революциядан кийин жашоо жакшырды деген ишенимде. Ушундан улам аналитик Тимошенко Ющенконун атаандашы боло албайт, себеби, Тимошенко атаандаш болорун өтө эле эрте айтып чыкты, өзү өкмөттө болбогондон кийин көп иштерге таасир бере албайт деген пикирде.

Андрей Биченко андан тышкары Тимошенконун атаандаш болор же боло албасын жаңы өкмөттүн кадамы салмактайт, эгер өкмөт ургаалдуу иштеп кетсе, анда Тимошенконун шайлоодо жеңишке жетиши кыйын болот деп болжолдойт.

Ал эми президент Виктор Ющенко Юлия Тимошенконун билдирүүсүнө жооп бере элек жана өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Юрий Ехануров менен жаңы кадамдарга барууга даяр экенин баса белгиледи.