Коомчулукта учурдагы бийлик аскер жана милициянын мурдакы жетекчилерин, генералдарды оппозиция болууга аргасыз кылууда деген пикирлер айтыла баштады. Себеби, жаңы бийлик иштен бошоткон генералдардын саны жыйырмага жакын. Айрым генералдар саясый партияларды түзүп, өзүнө тилектештердин санын көбөйтүүдө. Жумуштан бошогон генералдар бийликке оппозиция боло алабы?
24-марттагы элдик ыңкылаптан кийин Кыргызстанда аскер, коопсуздук, ички иштер тармагында жетекчилерди тазалоо өнөктүгү жүрдү. Алгач мурдакы бийликке кызмат кылган Ички иштер министри Кеңешбек Дүйшөбаев, өлкөнүн коргоо министри Эсен Топоев, коопсуздук кызматынын төрагасы Калык Иманкулов жана анын орун басары генерал Борис Полуэктов жумуштан алынган. Ага удаа өлкөнүн чек ара кызматынын жетекчиси, генерал Калмурат Садиев жана Бишкектин прокурору, генерал Өмүрбек Кутуев кызматтан кол жууду. Булардын катарын Аскар Акевдин жан жөкөрлөрү, генералдык наамдары бар Болот Жанузаков, мамлекеттик коргоо кызматынын жетекчилери Сергей Литвинов, Куприянов жана Маматов толуктады. Ички иштер министринин орун басары, генерал Абдылда Суранчиев да кызматын тапшырган. Ошондой эле ыңкылаптын алдында Башкы прокурордук кызматтан алынган Мыктыбек Абдылдаевге жаңы бийлик ички иштер министринин милдетин аткарууну өтүнгөн. Бирок Мыктыбек мырза генералдык погонду тагынгандан көп өтпөй эле, белгисиз себептер менен ишин өткөрүп берген.
Жаңы бийлик Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына жетекчи кылып дайындаган генерал Өмүрбек Суваналиев билек түрө кызмат кыла баштаган учурда отставкага кетти. Өлкө президенти Курманбек Бакиевдин ант берүү аземинен кийин дагы бир нече генералдар кызматы менен коштошту. Алардын катарында өлкөдө баңги заттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттик түзүүнүн башында турган Курманбек Кубатбеков да бар.
Жакында эгемендүүлүк майрамы алдында Коопсуздук кеңешинин сунушу менен Улуттук гвардиянын жетекчиси генерал-полковник Абдыгул Чотбаев, коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары, генерал Токтокүчүк Мамытов жана чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары Аалыбай Кайыпов кызматтан алынды.
Учурда кызматсыз жүргөн генералдар эмне иш менен алектенүүдө? Генералдар Калмурат Садиев менен Кеңешбек Дүйшөбаев кылмыш иштерине катыштыгы бар делип, Баш прокуратурада сурак берип жүрүшөт. Генерал Кеңешбек Дүйшөбаев “Акыйкат” аттуу партия түзүп, президенттик шайлоого талапкер караты катышкан. Ошондой эле генерал Болот Жанузаков “Кут” деп аталган саясый партия түзүп, жаңы бийлик менен кызматташууга даяр экенин билдирген. Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, генерал-полковник Абдыгул Чотбаевдин таламын талашкан “Ооганчылардын” партиясы да бар. Оппозициянын катарына кошулаары же кошулбастыгы тууралуу Абдыгул Чотбаев учурда чечим кабыл ала электигин айтып, “Азаттыкка” кийинчерээк билдирээрин маалымдады.
Мурдакы совет доорунда ички иштер министри жана анын биринчи орун басары гана генералдык наамга ээ болгонун, учурда облустук ишки иштер башкармаларынын жетекчилерине чейин генерал экенин, кичинекей өлкөгө 30га жакын генералдын зарылдыгы жоктугун мурдакы парламенттин депутаты, генерал Бейше Молдогазиев мындайча белгилейт:
- Учурда облустук башкармалыктын жетекчилерине дейре генерал. Ички кызмат бөлүгүнүн, анан дагы бригаданын, башка структуралардын чоңдорунун баары генералдык погон тагынып жүрүшөт. Кичинекей өлкөгө мынча генералдын кереги жок. Кызматтан алынса эле партия түзүп, оппозиция боло калышат. Учурда эл партияны да, генералдарды да ээрчибейт.
Аскар Акаевдин доорунда генерал болгондор учурдагы бийликке коркунуч келтире албастыгын, алардын бири Кеңешбек Дүйшөбаев президенттик жарышка катышып, өзүнүн чама-чаркын билгенин президенттин алдындагы укук коргоо комитетинин төрагасы Турсунбек Акун айтып, пикирин төмөнкүчө билдирди:
- Бул генералдардын көбү Акаевдин сүймөнчүгү болуп келишкен. Алар эми төңкөрүш кылат деп кооптонууга эч негиз жок. Себеби, аларды эл ээрчибейт.
Өлкөнүн коргоо министринин милдетин аткаруучу, генерал Исмаил Исаков да кызматынан айрылган айрым генералдар саясый партия түзүп, оппозицияга өткөнү менен аларды эл ээрчиши күмөн деген пикирде:
- Алар кызмат учурунда бардык ыңгайлуу шарт менен камсыз болушуп, өз көмөчүнө күл тартуу менен бийликтин даамын татып калышкан. Өздөрүнүн кызматын алдырып койгондугунан ич күйдулүккө жеңдирип, партия түзүп, оппозицияга өтүшү да мүмкүн. Ошондой эле криминалдык элементтерди жана башка күчтөрдү пайдаланып, төңкөрүш кылууга да аракет кылышы ыктымал. Бирок эл калыстык менен карап, аларды өз ордуна коюп коет. Кооптонууга негиз деле жок.