КЫРГЫЗГА ПАЙДАСЫ ЖОК КЫРГЫЗ АЛТЫНЫ

Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргызстанда иштетилип жаткан “Кумтөр” алтын кени чоңдугу боюнча дүйнөдө жетинчи орунду ээлейт. Учурунда тоо-кен тармагындагы айрым адистер Кыргызстанда алтын иштетүүнү Жерүй, Талдыбулак өндүү кичине кендерден баштоо зарылдыгын айтышкан, бирок Аскар Акаев башында турган бийлик кулак каккан эмес. Учурда адистер 24- марттан кийинки бийликтен “Кумтөр” боюнча түзүлгөн келишимди токтотууну суранып жатышат.
Алтын өндүрүү тармагын тартипке келтирүүнү суранып, беш адис Курманбек Бакиевге 5- сентябрда кайрылуу жолдошту. «Канадалык «Камеко» фирмасы кенди техникалык долбоорсуз ишке киргизип, рудникти куруу учурунда эле 175 миллион долларды ашык сарптаган» деп жазылат кайрылууда.

Тоо-кен инженери Орозбек Дүйшеев бул кениди куруу учурунда эле Кыргызстан баш- аягы 700 миллион доллар чыгым болду дейт:

- Бул кенди курууда 452 миллион доллар кредит алынган. Анын пайыздары менен төлөгөндө баш аягы 700 миллион долларга чукул каражат кетти. Бул кредит биздин алтындын эсебинен төлөндү. Дагы бир чоң катачылыкты айтайын. Алтынды саткандан 1 миллиард 629 миллион доллар түштү. Бирок бюджетке эмес, алтын комбинатына түштү. Анын болгону 30 пайызга жакыны Кыргызстандын пайдасына түшкөн. Экономикалык теория менен айтканда биздин капитал сыртка чыгарылып кетти деген сөз.

Курманбек Бакиевге жолдонгон кайрылууда «кең пейил өкмөт менен «Кыргызалтын» берген он жылдык салык каникулун» бул фирма аябай пайдалангандыгы жазылган. «Салык каникулу бүтүп, эми мамлекеттик казынага киреше түшөөрдө Танаевдин өкмөтү «Кумтөрдү» Монголия, Америкадагы кендер аралашкан фирмага сатып салды» деп жазылат кайрылууда.

Кайрылууга кол койгон Рамазан Дырылдаев мындай дейт:

- 10 жылга салыктан жеңилдик беребиз дегенде биз каршы чыкканбыз. Бирок Аскар Акаев жеке өзү кызыкдар болгондуктан салык каникулу берилип калган. Канадалыктар долбоор боюнча 14 тоннадан гана алтын каза турган болсо, жылыга 24-25 тоннадан казып, салыксыз жылдарды пайдаланып калды. Акаевдин үй-бүлөөсү мындан кандай пайда көргөнүн прокуратура иликтеп жатат.

Кыргыз коомчулугунда кыргыз алтыны четке чыгарылып, элге же мамлекетке пайда алып келген жок деген ойлор басымдуулук кылып келет. Генерал-майор Бейше Молдогазиев кыргыз алтынынын түбүнө коррупция жетти деген оюн айтты:

- Кыргызстан алтындан таптакыр пайда көргөн жок, жалаң ошол кездеги коррупциялашкан бийликтин колдоосу менен алтындар туш-тушка чыгарылып кеткен. Жанагы Бирштейн дегендин аркасы менен 1 тоннадан ашык алтын кандайча жоголгонун билебиз. Ал эми «Кумтөрдүн» 157 тонна алтыны да четке чыгарылып кетти.

Бул адамдар азыркы бийликке кайрылуу жолдоп, “Кумтөр» кенин иштетүүнү убактылуу токтотуу же бул келишимди кайра карап чыгуу маселесин жеткирүү аракетин жасап жатышат. Бирок «Камеко» компаниясынын мурдагы жетекчиси Хаменюк мырзанын азыркы мамлекеттик жетекчилик менен жолугушп атканы чочутат дейт Орозбек Дүйшеев:

- Хаменюк президентке чейин кирип 1-2 сааттан сүйлөшүп атат. Бир эмес бир нече жолу кирип чыкты. Бул нерсе бизди чочутат. Тоо-кенчилерди кабыл алыңыз деп, бир нече жолу кат жаздым. Бакиев бизди кабыл албай атат. Хаменюкту кабыл алып атканда бизди да кошо чакырса болот эле.

Кайрылууда алтын тармагынын тагдырына балта чаап, каталарды кетирген, ошол каталрдын кетишине түрткү болгон жетекчилер катары экс-президент Аскар Акаевдин, мурдагы өкмөт башчылар Турсунбек Чыңгышев, Апас Жумагулов, Николай Танаевдин жана мамлекеттик жооптуу кызматтарда иштеген Дастан Сарыгулов, Жумагул Сааданбеков өңдүү адамдардын аттары аталган.
Алардын бири Турсунбек Чыңгышев «Кумтөр» боюнча келишимге тиешем жок дейт:

- 1993- жылы мен отставкага кеткенден кийин Апас Жумагулов кол койгон. Ага чейин мен кол койгон келишим жарабай калган. Андыктан буга менин тиешем жок.

Бирок ал «Кумтөр» алтынын Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн жумшалбай калганына экс-президенттин түздөн-түз тиешеси бар деп билдирди:

- Бул долбоор экс-президенттин жеке көзөмөлүндө гана ишке ашкан. Ошол адамдын түздөн түз-тиешеси бар. Бирок кимдер бул долбоордон пайда көргөн, каражат кимдин чөнтөгүнө кетчү, аны укук оргоо органдары териштирсин, мен эчтеке дей албайм.

«Кумтөр» кени учурда Монголия, АКШ, Канада биргелешкен «Центерра голд Инк» компаниясынын колунда. Анда Кыргызстандын болгону 16 пайыз акциясы калды. Байкоочулар кыргыз тараптын эми «Кумтөргө» акысы жок деген ойлорун айтып жатышат.

Экс-президент Аскар Акаев болсо «Кумтөрдүн» соңку ирет сатылган 14 пайыз акциясынан түшкөн 85 миллион доллар менен жакырчылыкты жойобуз деп бир нече ирет айткан. Бирок азырынча ал 85 миллион каякта экенин азыркы бийлик өкүлдөрү да так билишпейт өңдүү.