Нарынга Кытайдан 40 комбайн келет

НАРЫН. Кытайга барган топту жетектеп барган Нарын облусунун губернаторунун милдетин аткрауучу Жыргалбек Азыловдон алынган маалымат боюнча, алар Үрүмчү шаарында өткөн айыл чарба жарманкесине катышып келишти. Ал жерден баасы 16 -18 миң доллардын тегерегинде 40 комбайн сатып алуу боюнча келишимге кол койулду. Салыштырмалуу бул комбайндар суткасына 15-20 гектар жерди чабат жана Жапон гранты менен келген комбайндардан баасы алда канча арзан. Финансы министрлиги жана тышкы иштер министрлиги менен эми бул комбайндарды элдерге гранттын, же кредиттин эсебинде берүү боюнча сүйлөшүүлөр башталат. Андан сырткары Нарын шаары үчүн 2 грейдер, бир асфальт төшөөчү машина алууга да келишимге кол коюштук, деп билдирди Нарын облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Жыргалбек Азылов.