Аба ырайы

БИШКЕК. Метеорологиялык борбордон алынган маалыматка караганда, 7-сентябрда Кыргызстандын аймагы боюнча ала булут каптап турат. Ысыккөл жана Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми калган аймактардын айрым жерлеринде күндүз күн күркүрөп, кыска мөөнөттө жамгыр жаайт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +16...+21, күндүз +27...+32 градус ысык. Талас дубанында түнкүсүн +9...+14, күндүз +26...+31 градус. Баткен, Ош, Жалалабат облустарында түнкүсүн +17...+22, күндүз +28...+33 градус ысык болот. Ысыккөлдө түнкүсүн +10...+15, күндүз +21...+26 градус жылуу. Нарын өрөөнүндө түнкүсүн +8...+13, күндүз +23...+28 градус.

Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +19...+21, күндүз +29...+31 градус.

Кабарлар топтомун Азиза Турдуева, Шайырбек Эркин уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Реадктор – Шайырбек Эркин уулу