ЧУУЛГАНДУУ КЫЛМЫШ ИШТЕР СОТКО ӨТӨ БАШТАДЫ

Чолпон Орозобекова, Бишкек Аскар Акаевдин тушундагы бир катар чиновниктерге кылмыш иши козголуп, алар Баш прокуратурага сурак берип жатышканы белгилүү. Ал эми мурдагы бийликтин тушунда эл аралык издөө жарыяланып, таптырбай жүргөн адамдардын иши сотко өтө баштады.
Башкы прокуратура тарабынан үй камакка алынган Улан Сарбанов адвокаты менен суракка келип жатат. Бирок Улуттук банктын төрагасы өзүн күнөөлү деп эсептебейт. Анын пикиринде, Башкы прокуратуранын койгон айыптары далилсиз. Улан Сарбановго экс- президент Аскар Акаевге мамлекетке тиешелүү 480 миң долларды мыйзамсыз берген жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айыптар тагылууда.

Ушул эле жумада БШКнын мурдагы төрагасы Сулайман Иманбаев дагы Башкы прокуратурага суракка келди. Ага парламенттик шайлоо учурунда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып менен кылмыш иши козголууда.

- Орустар айткндай, кулактан чоюп коркутуп койолу деп атышат окшойт. Кылмыш иши козголуптур. Дүйшөмбүдө адвокатым ходатайство даярдаганы жатат, анан көрөбүз го,- дейт Сулайман Иманбаев.

Башкы прокуратура ушул учурда мурунку бийликтин тушундагы чуулгандуу кылмыш иштерди четинен сотко өткөрө баштады. Парламентте сүйлөп жатып Баш прокурор Азимбек Бекназаров бул иштерди аягына чыгарам, сотко жеткирем деп убада берди:

- Чоң иштерди сотко берип жатабыз четинен. Сотко жеткирем сөзсүз. Сот өзү чекит койушу керек. Бир тобун эчак бердик. Шалкар Жайсаңбаевдин ишин эмки айда сотко өткөрөбүз.

Баш прокурор билдиргенге караганда, 6 чуулгандуу кылмыш иши сотко өткөрүлдү. Ал эми соңку учурда коомчулукта эл аралык издөөдө жүрүп, март ыңкылабынан кийин Кыргызстанга кайтып келген Шалкар Жайсаңбаев, Эдуард Пак өңдүү адамдар менен Баш прокурор жашыруун тил табышып алган деген айың кептер тараганы да маалым. Баш прокурор бул тууралуу мындай деди:

- Мындай сөздөрдү атайын таратып да атышы мүмкүн. Тергөө иштери созулуп кетип атат, бирок биздин ишке да атайын тоскоол болуп атышпайбы. Суракка келбей коюшат, чет өлкөгө кетип калышат же ооруканага жатып алышат.

Коомчулукта тартип коргоо органдары мындай чуулгандуу иштерди тез арада соңуна чыгарышын эл күтүп атат деген тынчсыздануулар айтылып жүрөт. Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаев бул чоң жана татаал иштер болгондуктан узак убакытты талап кылат деген оюн билдирди. Депутат Акматбаевдин бир тууган агасы Рыспек Акматбаев канчалаган жылдардан бери издөөдө болуп, оор кылмыштарды жасаган деп айтыпталып келген.

- Мурунку бийликтин тушунда Кыргызстанда эмне кылмыш болсо менин агамдын мойнуна илип келишти. Аны жаманатты кылып, мени кошо куугунтукка алышты. Кылмыштык топтун жетекчиси деп, камап да койгон учур болду. Азыркы тартип коргоо органдары бул иштерди адилет карап берет деген үмүтүм бар. Эл карап турат...

Баш прокурор билдиргенге караганда учурда Рыспек Акматбаевдин иши сотко өтүп, ал өз иши менен таанышып жатат.