Башкы прокурор качкындарга байланыштуу укуктук чечим кабыл алууну көздөөдө

БИШКЕК. Кыргызстандагы өзбекстандык 15 атуулга байланыштуу коопсуздук кеңеши саясий чечим чыгара элек, ошондуктан, Башкы прокурор мыйзам чегинде өз алдынча чечим кабыл алмакчы. Бул тууралуу 1-сентябрда Башкы прокурор Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, ушул максатта мекеме Өзбекстан тартип коргоо тармагы сунуштаган документтерди кайра карап, түп нускасын текшерүү үчүн кызматкерлер Өзбекстанга каттап жатышат.

Ал эми Президент Курманбек Бакиевдин айтымында, качкындар маселеси келерки Коопсуздук кеңешинде каралмакчы. Мындай пикирин Президент Башкы прокурордун сунушуна жооп иретинде билдирген. Ал эми Бекназаров Ош СИЗОсунда отурган өзбекстандыктарга байланыштуу саясий же укуктук чечим кабыл алууну коопсуздук кеңешинин 24-августтагы отурумуна сунуштаган.

Башкы прокурордун айтымында, учурда бир да мамлекет Ош СИЗОсунда отурган өзбекстандыктарга качкын макамын ыйгаруу сунушу менен кайрыла элек. Бул багытта учурда Украина өкмөтү менен сүйлөшүү жүрүп жатат.