Бээжинде адам укуктары боюнча эл аралык конференция өтүп жатат

Бириккен Улуттардын Адам укуктар боюнча жогорку комиссары Луиз Арбур бүгүн Бээжин шаарында адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык конференция ачты. Конференцияда Кытайга каршы күнөөлөр да айтылды, бирок өкмөт өкүлү Таң Цзясуандын айтымында, негизги маселе - жакырчылык:

- Адам укуктарын коргоого региондо жакырчылык негизги тоскоолдук болууда, ошондуктан өнүгүү жолунда биз негизинен экономикалык, социалдык жана маданий маселелерди чечүүгө аракеттенип жатабыз. Кыскасы, адам укуктары тармагындагы абалды жакшыртуу үчүн биз алгач өнүгүп чыгуубуз зарыл.