ИРАКТА КОНСТИТУЦИЯНЫН ДОЛБООРУ ТАРКАТЫЛУУДА

Иракта Конституциянын долбоорун бийликтер калк арасында тарката баштады. Документ 15-октябрда референдумга коюлат. Долбоордун тексти менен жекшемби күнү парламент мүчөлөрү таанышты, бирок аны колго салышкан жок. Долбоорго Конституциялык комиссиядагы күрттөр менен шейиттердин өкүлдөрү гана кол койду, сүннүлөр болсо буга кошулгандан караманча баш тартышты.
Дүйшөмбү күнү Тикретте сүннүлөр азан-казан жыйын өткөрүп, сунуш кылынган документке нааразылык билдиришти. Демонстрацияга чыккандар Саддам Хусейндин портреттерин көтөрүп турушту. Жыйында атайын билдирүү кабыл алынып, Конституциянын долбоору “еврейлердин документи” деп аталды.

Конституциялык комиссиянын мүчөсү, сүннүлөрдүн өкүлү Али ал-Мушхадани долбоордогу көп жоболорго,айрыкча мамлекеттин, элдин биримдигине байланыштуу маселелерге макул эместигин айтып, ушундан улам ага кол койгондон баш тартканын билдирди.

Арап мамлекеттер лигасынын баш катчысы Амр Муса да долбоорду “баш аламандыктын” рецепти деп атап, Иракты ал алааматка алып келиши мүмкүн экенин эскертти.

АКШ президенти Жорж Буш Конституциянын долбооруна байланыштуу иштердин аяктаганын кубаттады. Ирак эли, Буштун айтымында, тарыхый өзгөрүштөргө даяр экенин кайрадан ырастады. Долбоор эркиндиктин түпкү принциптерин коргойт. Ошол эле учурда Буш пикир келишпестиктер да бар экенин моюнга алып, бу процесске Вашингтон кылдат көз салып турарын белгиледи.

Ирактын президенти Жалал Талабани болсо мекендештерин долбоорду колдоого чакырды. Документти талкуулоо учурундагы талаш-тартыштарды ал ирак коомунун биримдигин чыңдоо жолундагы дагы бир кадам болуп калды деп эсептейт.

Байкоочулардын апаздарына караганда, долбоордун референдумдан өтүшү оңой болбойт. Документ жалпы өлкөдө текши колдоого алынганда гана күчүнө кирет. Сүннүлөр болсо он сегиз провинциянын төртүндө басымдуулук кылат. Байкоочулар ушунун өзү аларга документке вето салганга мүмкүндүк берет дешет.