Аскар Акаевдин Таластагы жакындарына байланыштуу ачылган кылмыш иши каралууда

ТАЛАС. Талас облустук прокуратурасынан 29-август күнү алынган маалыматка караганда, Талас облустук мамлекеттик администрация башчысынын мурдагы орунбасары, Майрам Акаеванын бир тууган сиңдиси Аязгүл Саркишева кызмат абалынан кыянат пайдаланып жасаган мыйзамсыз аракеттеринин бири - искусство чөйрөсүнө тиешелүү болгон. Ал Бакайата районундагы Акдөбө айылында жайгашкан Федор Гетенин көркөм сүрөт музейинде илинип турган живопистик картиналардын ичинен эң мыкты деген 9 сүрөттү Бишкек шаарына көргөзмөгө коебуз деген шылтоо менен алып кеткен. Бул факты боюнча азыркы мезгилде иликтөө иштери жүрүп жатат. Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы маданиятты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын атайын эксеперттери 9 сүрөттүн көркөм баалуулугу боюнча да өз баасын берүү алдында турат. Бул факты боюнча облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 304-беренесинин 1-бөлүмү боюнча кылмыш ишин ачты.