КЫРГЫЗ-КАЗАК ЧЕГАРАСЫНДА ДА КӨЙГӨЙ КӨП

Машакбай Рахманкул уулу, Талас Кыргыз-казак чегара маселесинде талаш-тартыштуу участоктор Талас облусунда да бар. Бул көйгөйдү жергиликтүү эл бир нече жылдан бери коюп келатканына карабай маселе ордунан жыла элек. Ушул маселеге арналган алгачкы талкуу Карабуура районунун Казакстан менен чектеш Аманбаев айылында болуп өттү.
Кыргыз-казак мамилелеринде эгемендүүлүк жылдарынан бери чечилбей келаткан үч негизги маселени бийликтин баш оорутмасы деп эсептеп жүрүшөт. Таластан Бишкекке Казакстан аркылуу өтүүчү жүргүнчүлөрдүн бажы, чегара постторунан кыйынчылык менен өтүүсү акырындап жеңилдей баштады. Ал эми дыйкандар өндүргөн азык-түлүктөрүн казак базарына тоскоолдуксуз өткөрүү боюнча ар жылы түзүлгөн эки тараптуу келишим кагаз жүзүндө гана калып калууда. Дыйкандар алып өтүп бараткан түшүмүнүн болжол менен жарымынын наркын бажы, чегара жана өсүмдүктөрдүн карантини кызматынын өкүлдөрүнүн чөнтөктөрүндө калып калат.

Казакстан тарап чегара тилкелерин орното баштагандан бери болсо үчүнчү орчундуу проблема келип чыкты. Карабуура районуна караштуу Аманбаев айыл өкмөтүнүн аймагында Казакстан тарап 2,8 чакырым шынаа болуп кирип кеткен аймак бар. Ал шынаа аянттын ары жагында кыргыз дыйкандарына таандык 750 гектар аянтта ар жылы айыл чарба өсүмдүктөрү, негизинен төө бурчак өстүрүлөт. Апрель айынан баштап октябрга чейинки алты ай мезгилинде дыйкандардын ошол шынаа болуп кирип кеткен казак аянты аркылуу өтүп, өз талаасына барып келип иштөөсү зор түйшүккө айланууда. Казак чегарачылары талаада иштөөгө бараткан, же келаткан кыргыз жарандарын чегара постунан кармап алышып, бир нече саат кармашып, ар кандай кара жумуштарга чегеришет, болбосо акчалай, же мал түрүндө пара алуу адат болуп калган. Бул туурасында Аманбаев айыл өкмөтүнүн Дайрабай Калыбеков мындай дейт:

- Өзүмдүн жерим Төмөнтамгада. Сууну күтүп кечке маал үйгө келатсам астыман чыккан чегарачылар кармап алып кетишти. Чегарадан өткөн эмеспиз. Паспортубузду да көрсөтсөк болбойт. Жанымдагы бала экөөбүздү алып барып, камап таштады. Эртең менен тургузуп алып, кечке иштетти. Кечинде кое беришти. 5 миң сомдон штраф салды, паспортубузду алып калган. Эми эч жака чыга албай үйдө отурабыз.

Ал эми Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Кемел Байматов эки тараптуу макулдашуу боюнча кыргыз жарандарына чегарадан өтүү үчүн суткасына төрт саат гана уруксат экендигин айтты:

- Эртең менен саат сегизден онго чейин, кечки саат жетиден тогузга чейин уруксат беришкен. Бирок ар ким документин алып жүрсүн деген.

Түшүм жыйноо учурунда чегарадан суткасына белгиленген төрт саатта гана өткөрүү маселенин чечилиши эмес деп эсептешкен жергиликтүү калк алар менен макулдашылбай түзүлгөн мындай келишимге нааразы. “Балку” деп аталган сууну пайдаланчулар ассоциациясынын жетекчиси Медербек Орозбаев Күрүкрө каналына көппүрө куруу менен маселени чечсе боло тургандыгын айтты:

- Көпүрө салышыбыз керек. Көпүрө салбасак маселе чечилбейт.

Ошентип кыргыз-казак чегара маселесиндеги чыр-чатак жаратып жаткан көйгөй биринчи жолу облустук деңгээлде талкууланып, алгачкы кадам жасалды. Чегара маселесин эки тараптуу жогорку деңгээлде документтердин негизинде талкуулоону уюштуруу өтүнүчү жазылган кайрылуу президенттик администрацияга, кыргыз өкмөтүнө жана Талас облусунан шайланган депутаттарга жөнөтүлдү. Ал эми райондук жана облустук бийлик өкүлдөрү түшүм жыйноо башталганга чейин чегарага чектеш айылдардын эли-журту менен алты жерде түшүндүрүү чогулуштарын өткөрүүгө макулдашышты.