Ирактын парламенти Конституция боюнча добуш берет

Бүгүн Ирактын Конституциясынын долбоору боюнча парламентте добуш берүү болот. Өлкө президенти Жалал Талабани долбоорго каршы болуп жаткан сунниилер менен сүйлөшүүнү улантып жатат. Анын айтымында:

- Биздин суннии туугандарыбыз Күрддөрдүн өзүнчө федерациясы болушуна каршы эмес. Талаш өлкөнүн түштүгүндө шиилердин дагы өзүнчө федерациясы болобу деген маселеде болууда. Бул маселе азыр же Улуттук ассамблеянын эмки жыйынына чейин чечилиш керек.