АКШ менен Ооганстандын аскерлери биргелешкен операция өткөрүп, 6 талибанды жок кылышты

Ооганстандын Забул провинциясынын жетекчилигинин билдиргенине караганда, АКШ менен Ооганстандын аскерлери дүйшөмбү күнкү операциянын жүрүшүндө талиб согушкерлери деп шектелген 6 кишини жок кылып, бир топ жардыргыч заттарды колго түшүрүштү. Бул операция 18-сентябрда белгиленген парламенттик шайлоонун алдындагы кагылышуулардын бири гана. Азыр Ооганстанда НАТОнун антитеррордук күчтөрүнүн 30 миңдей аскери коопсуздукту камсыз кылууга аракеттенип жатышат.