Түркмөнбашы кадрларын алмаштырып жатат

Түркмөнстандын президенти Сапармурад Ниязов өзүнүн мурдагы жан сакчысын КМШ мамлекеттери боюнча вице-премьер-министр кылып дайындады. 39 жаштагы Аганияз Акыев 2002-жылга чейин Ниязовду кайтарып, андан кийин коопсуздук министринин орун басары болгон. 2003-жылы ал президенттин Каспийдин жээгиндеги шаарынын башчысы, андан кийин президенттик администрация башчысы болгон. Дүйшөмбү күнү Ниязов «коррупцияга баты» деген кине менен мамлекеттик мунай компаниясынын жетекчилик кызматынан алган Сапармамед Валиевден “Түркмөнстандын баатыры” деген наамын да алып салды.

Таңкы дүйнөлүк кабарларды Прагадан Бүбүкан Досалиева даярдады