Төрөкул Дооров, Прага Самарканддагы нааразылык акциялары ушул жылдын май айында болгон “Анжиян окуяларынан” кийин калк нааразылыгын билдирген алгачкы чара болуп калды. Анжияндагы нааразылык кийинчерээк кандуу кагылышууга айланып, кызыл кыргын менен коштолгон. Бул жолу Самарканддын эки башка жеринде өткөн пикеттерге ал жерлердеги там-жайларды бузуу жана базарды жабуу тууралуу жергиликтүү бийликтердин чечимдери себеп болду.
Ушул жылдын башында баш калаа Ташкентте жергиликтүү бийликтер улгайган аялдан үй-жайын бошотуп чыгып кетишин талап кылышканда, ал нааразылык иретинде өзүн-өзү өрттөп салган эле. Ал эми базарларды жабууга каршылык көрсөтүү да өлкө боюнча бир канча ирет кайталанган. Алардын ичинде эң алкактуу акция деп 2004-жылдын ноябрында Фергана өрөөнүндөгү Кокон шаарында болгон окуяны айтканга болот. Анда бир канча миң адам жол тосуп чыгышканы азыр да эсте.
Ташкенттик саясий серепчи Камрон Алиев соңку нааразылык акциялары тууралуу сүйлөп жатып, өзбек бийликтери Анжиян окуяларынан кийин деле ойгоно электигине көңүлү иренжигенин айтат. “Анжияндагы окуядан кийин бийлик эми элдин талаптары менен эсептеше баштайт ко деп ойлогон элем” - дейт Алиев.
Анын пикиринде, бийликтер Самарканддагы бузула турган үйлөрдүн ээлерине жана жабыла турган базарда иштегендерге алдын ала ал аймактарды бошотуу үчүн, жок эле дегенде, жетишээрлик убакыт беришсе болмок.
- Албетте, мындай кылынганда адамдар ичиндеги нааразылыкты жана аларда бийликке ишенбөөчүлүк сезимин кичине кыскартканга шарт түзүлмөк. Бирок акыркы 10-15 жыл бою бийликтегилер карапайым калк менен текебер мамиледе болуп, элге буйрук берип гана келди жана элдин проблемаларынын үстүнөн иштебей калган. Автократтык режимдин негизги кемчиликтеринин бири – маселе жакшы чечилиши үчүн, бийлик башындагы адам ага көзөмөл жүргүзүшү керек. Бирок дайыма эле президент, мисалы, өлкөнүн кайсыл бир бурчунда эмне болуп жатканына көз салып тура албайт, ошондуктан, жергиликтүү бийликтер оюна келгенди жасай беришет.
Базарды жабууга каршы демонстрация Богимайдон деген жерде болгон. Богимайдондук Ташпулат Рахматуллаевдин айтымында, бийликтер нааразылык көрсөтүп жаткан элди тынчтандыруу аракетин көрө башташты. “Бирок бийликтер үйлөрдү бузуп, базарды жабуу тууралуу чечимдерин өзгөртүүнү каалашпай тургандай” - дейт ал.
Божомолдорго караганда, бийликтер ишке киришүүнү 1-сентябрдан кийинкиге жылдырышы ыктымал, анткени бул күнү Өзбекстандын көз карандысыздык күнү салтанаттуу белгиленмекчи.