БИШКЕК. Ыраакы Чыгышкта Орусия менен Кытайдын «Тынчтык миссиясы-2005» деген аталыштагы биргелешкен аскердик машыгуусу 18-августа башталды. Ага Кыргызстандын Коргоо министри Исмаил Исаков баштаган өкүлдөр байкоочу катары катышышат. Исмаил Исковдун маалыматына караганда, аскердик машыгууга сууда, абадагы жана кургактагы аскер күчтөрү, баары болуп он миңден ашуун аскер адамы катышышат. Машыгуунун биринчи этабы Владивостокто, андан соң Кытайдын Шаньдун аймагында өткөрүлөт.