Кыргыз-тажик чегинде эл аралык денгээлдеги алгачкы чек ара бекети ишке кирди

БИШКЕК. 17-августта Баткен облусу менен Тажикстандын Согду облусунун чегине, Баткен жана Исфара шаарларын байланыштырган жолдун боюна курулган Кызылбел чек ара бекетинин ачылуу аземи өттү. Ага облустук бийликтин, чек ара жана бажы кызматтарынын өкүлдөрү жана кошуна Тажикстандан келген коноктор катышты. Бекеттин ишке кириши менен мурда эки жерде турган чек ара жана бажы бекеттери бириктирилип, жүргүнчүлөргө ынгайлуу шарттар түзүлдү. Бардык шарты бар бул бекет эл аралык талаптарга жооп берген Кыргызстандагы алгачкы чек ара бекети. Бекетти курууга 213 миң доллар сарпталган жана аны АКШ каржылаган. Мындай маалымат Баткен облустук акимчилигинен ушул эле күнү алынды.