ИРАК: КОНСТИТУЦИЯ ДОЛБООРУН КАБЫЛ АЛУУ КЕЧЕҢДӨӨДӨ

Баян Жумакадыр кызы, Прага Ирактын өкмөт башчысы Ибрахим ал Жаафари өлкө Конституциясынын долбоору бир жуманын ичинде даяр болот, деп убада берди. Эгерде 22-августка чейин долбоор боюнча пикир келишпестиктер жөнгө салынбай турган болсо, Ирак жаңы саясий кризиске туш болушу ыктымал.
Америка Кошмо Штаттары Ирактагы саясий процессттердин ырааттуу жүрүшүн сактап калуунун аракетин жасап жатат. АКШнын тышкы иштер министри Кондолиза Райс Ирактын жетекчилиги 22-августтан калбай жаңы конституциянын долборун кабыл алат, деген ишенимин билдирди:

- Жаңы Конституция жаңы Ирактын тарыхындагы эң маанилүү документ болот. Биз ирактыктар жаңы Конституцияны кабыл алып, ушул жылдын соңуна дейре өлкөдө туруктуу өкмөттү шайлап алаарына ишенебиз.

Райс ошондой эле Конституциянын долбоорун парламентке сунуш кылуунун мөөнөтүн узартуу былтыр кабыл алынган утурумдук мыйзадын жоболоруна каршы келбесин билдирүүгө шашылды. Өткөн жумада болсо АКШнын президенти Жорж Буш Ирактын Конституциясынын долбоору боюнча жүргүзүлүп жаткан талкууларды мактап, ирактык саясатчылардын сүйлөшүүлөрүн "баатырдык аракеттер" деп сыпаттады.

АКШнын катышуусу менен былтыр иштелип чыккан убактылуу мыйзам боюнча, Ирактын Конституциясынын долбоору 15-августтан калбай даяр болуп, 15-октябрда бүткүл элдик референдумга койулууга тийиш. Ал эми эгерде Конституциялык Кеңеш Баш мыйзамдын долбору боюнча орток пикирге кела албай турган болсо, өткөөл убакытка деп шайланган парламент таркатылып, анын ордуна жаңы парламент шайлануусу керек. Саясий байкоочулар иштин мындай нукка бурулушу өлкөдө баш аламандыктарга тамызгы койуп, жаңы саясий кризиске негиз болушу ыктымал, деп жатышат.

“Ажанс Франс пресс” кабар агенттигинин билдиришинче, АКШ азыр Ирактагы саясий процесстердин ырааттагы калыбынан жазбай алгалоосу үчүн далбас уруп жатат. Буга Ирактагы коопсуздуктун чабалдыгы, көтөрүлүшчүлөрдүн үстөккө-босток жасап жаткан кол салуулары менен Иракта курман болгон америкалык аскерлердин күн санап көбөйүп бараткандыгы да себеп болууда. Ирактагы жагдай АКШнын 138 миңдей аскери чыгарылып кеткенде ого бетер курчуп кетиши ыктымал. Америкалык аскерлер Ирактан качан чыгарылып кетеери белгисиз, бирок аталган агеттик Ак Үйгө андай талаптар менен барган сайын көбүрөөк кысмак көрсөтүлүп жаткандыгын белгилейт.