БИШКЕК АНТ БЕРҮҮ АЗЕМИНЕ ДАЯР

14-августта Бишкекте Курманбек Бакиевдин президенттик кызматка киришүү аземи болот. Ага алыскы жана жакынкы өлкөлөрдөн расмий делегациялар, кыргыз коомчулугунун калың катмары катышат. Ант берүү аземи кандай өтөт? Ага сарпталган акча көп эмеспи?
Ант берүү аземин өткөрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Адахан Мадумаровдун маалымдоосуна караганда, бул иш чараны өткөрүүгө 21 миллион сом сарпталууда. Акча негизинен мамлекеттик имараттарды оңдоп-түзөө үчүн жумашалды. Бирок айрым атуулдар бул акча башка зарыл иштерге багытталса туура болот деген пикирин билдирүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариев мына ушундай пикирде:

- Менимче, инаугурация деген саясий маселе. Бирок анча чоң каражатты сарптоонун кереги барбы деген суроону коём. Бүгүнкү күндө каражатка муктаж болуп турган адамдар, тармактар көп. Мына ошол каражаттын жетишсиздигинен өзгөчө кырдаалдар боюнча, суу чарба департаменти табыйгый кырсыктардын кесепеттерин жойо албай турушат. Ошонуктан ал акчаны абдан муктаж тармактарга жумшасак болмок.

Ошондой болсо да Бишкекте ант берүү аземине даярдык 13-августта да кызуу уланды. Бул күнү өлкөнүн ырчы, өнөрпоздору ант берүү аземинен кийин берилчү концертке даярдык көрүштү. 12-августта болсо аскерий параддын өтүшү, ант берүү аземинде протоколду сактоо боюнча акыркы машыгуулар өткөрүлгөн эле.

Инаугурацияны өткөрүүнүн сценарийинин автору, драматург, маданият боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Султан Раев бул ант берүү аземинин өзгөчөлүгү тууралуу буларды билдирди:

- Өзгөчөлүгү - биз өзүбүздүн улуттук колорит жана жүзүбүздү киргизели дедик. Ошого байланыштуу ата-бабалардан бери келаткан Аластоо, Тазалоо жөрөлгөлөрүн киргизип, аны биздин улуттун стихиясы болгон суу, от менен байланыштырдык. Экинчи өзгөчөлүгү, биринчи жолу президенттин ант берүү аземи жалпы элдин алдында өтөт. Ага 12 миңге жакын адам күбө болот.

Ал эми ашыкча каражат сарпталды деген пикирлерге карата Раевдин жообу мындай болду:

- 18 миллион сом коротулду деп жатат. Анын көпчүлүгү эле өкмөт үйүнүн алдындагы фонтанды оңдоого жумшалды. Калгандары майда-чүйдө оңдоп, түзөө иштерин кетти. Эми инаугурацияга көптөгөн коноктор келет. Аларга да сарпталат. Менин оюмча, 18 миллион сом биздин президенттик антка көп да эмес, аз да эмес.

Курманбек Бакиевдин ант берүү аземине катышуу үчүн чакырылган коноктор Бишкекке келе баштады. Ал эми казак президенти Нурсултан Назарбаев 14-августта эрте менен келмекчи. 13-августта келген конокторду кабыл алуу башталды. Маселен, бул күнү биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов Жапония, Чехия делегациясын, Шанхай кызматташуу уюмунун аткаруу комитетинин төрагасы Чжан Дэгуанды кабыл алды.

Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун делегацияларды кабыл алуусу жана сүйлөшүүлөр өткөрүүсү 14-15-августта да улантылмакчы.