КУШ ЫЛАҢЫНЫН АЛДЫН АЛУУ ЧАРАЛАРЫ КӨРҮЛҮҮДӨ

Куш тумоосу мындан жүз жыл мурда Италияда биринчи катталган. Жай чилдесинде Орусияда куш ылаңы башталып, учурда ал кошуна Казакстан менен Монголияда да табылганы кыргызстандыктарды да кооптондура баштады. Кыргызстанда учурда куш ылаңы катталган жок. Учурда өлкөдө илдеттин алдын алуу чаралары көрүлүүдө.
Мындан үч-төрт жыл мурда Түштүк-Чыгыш Азияда куштар арасында жаңы оору пайда болуп, миңдеген тоок¸ каз, өрдөк өлө баштаганда, аны “азиялык куш тумоосу” деп аташкан. Бирок андан соң оору адамдарга да жуга баштады. 2003-жылдан бери Таиланд, Вьетнам, Камбоджа менен Индонезияда куш ылаңынан алтымышка жакын адам каза болгонун адистер маалымдаган. Айрым туристтер бул ооруну Европа мамлекеттерине да алып келишкен.

Быйыл июль айынын аягында Орусиянын Новосибирск, Омск жана Тюмен облустарында куш тумоосу катталып, андан ары Алтай аймагы менен Казакстанга да тарады. Орусиялыктар миңдеген канаттууларды өлтүрүлүп, өрттөдү. Бирок адистер эпидемиянын коңшу өлкөлөргө кеңири тарап кетиши мүмкүн, деп кооптонуп турушат.

Өлкөнүн атуулдары учурда куш этин, жумурткасын алуудан да сактанып калышканын аксуулук Кымбат Абдырасулова айтты:

- Дүкөндөн, базардан куштун этин сатып алуудан да чочуп калдык. Ал түгүл жумурткасын алуудан кооптонуп турат экенсиң. Орусия менен Казакстанда бул оору катталгандан бери үрөйүбүз учуп калды. Коңшу өлкөлөрдөн күнүгө канча адам Кыргыз жергесине келип жатат. Ошонун баарын көзөмөлгө алууга да мүмкүн эмес да...

Казакстан менен Орусиядан тоок этинин, жумурткасынын экспорттолушуна 27- июлдан бери Кыргызстанда тыюу салган. Ага чейин экспорттук чектөөлөр Вьетнам, Индонезия, Камбоджа, Кытай, Лаос, Малайзия, Пакистан, Түндүк Корея жана Таиланд өлкөлөрүнө киргизилген.

Кыргызстанда куш тумоосуна каршы катуу көзөмөл болуп, иш-чаралар көрүлүп жатканын өлкөнүн мамлекеттик башкы ветеринардык инспектору, ветеринария департаментинин директоруТалантбек Узакбаев билдирди:

- Мындай оору өлкөдө катталган жок. Чек араларда ветеринардык посттор иштеп, катуу көзөмөл болууда. Орусия менен Казакстандан кирген унаалар, адамдар дизинфекцияланып жатат. Куш ылаңын алып жүрүүчү вирус да улам өзгөрүп, тактоо кыйын болууда, анткени анын бир түрүнө каршы чыгарылган вакцина улам жаңы пайда болгон башка түрүнө каршы күчсүз болуп чыгышы мүмкүн. Экинчиден, башка вирустар менен кошулганда ал вирустун күчү көбөйөт, бирок эң негизгиси - куш ылаңынын вирусу кишиге жугуп, андан соң адамдан адамга өтүшү мүмкүн.

Талантбек Узакбаев ошондой эле Орусия менен Казакстандан канаттуулардын этин, жумурткасын алып келүүгө тыюу салынганына мынадйча белгиледи:

- Эң биринчи талап - өлкө боюнча канаттуулар фабрикаларына карантин киргизип, чоочун адам, унааны киргизбей калдык. Шектүү адамды тыкан медициналык текшерүү өткөрүү абзел. Эгерде эпидемия чыгып калса, анда ал жерге жакын айылдарда карантин жарыялап, мектеп, мечиттердин баары жабылыш керек. Ошондуктан Орусия менен Казакстандан куш эти, жумурткасын алып келүүгө тыйуу салдык. Контрабандалык тоок эттери, жумурткалар кармалууда.

9-августта куш тумоосу Монголияда дагы катталып, Эрхеш деген көлдүн боюнда жүзгө жакын өлгөн куштун тарпы табылган.

Адистердин айтымында, куш ылаңына байланыштуу вирус ылдам өзгөрүп турат, учурда вирустун 15 түрү аныкталган. Ошондуктан ага каршы даба табуу өтө кыйын болууда, Мындай дартка кабылган канаттуунун мурдунан суюктук агып, ичи өтүп, алы кетип, температурасу 44 градустан ашып кетээрин, андай учурда дароо ветеринардык кызматкерлерге кайрылууну эскертишүүдө.

Кыргызстандын мамлекеттик башкы ветеринардык инспектору, ветеринария департаментинин директору Талантбек Узакбаев айтымында, өлкөнүн базарлары катуу көзөмөлгө алынган. Учурда сатылып жаткан тоок эти, жумурткадан кооптонуунун зарылчылыгы жок.

Куш тумоосун алдын алуу үчүн өлкөдө 1760 ветеринардык кызматкер, 200гө жакын ветеринардык милиция иш алып барууда. Бардык мамлекеттердин адистери биргелешип аракеттенип, куш тумоосуна каршы күрөшүп, алдын- алуу программасын түзүүнүн зарылдыгын адистер айтышууда. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму да куш тумоосу коркунучу өтө чоң экенин жана бардык мамлекеттер бул ооруга каршы биргелешип күрөшүү зарылдыгын билдирүүдө.