Түштүк Кореяда деңиздеги кагылышууларды алдын алууга көмөктөшө турган жабдуу сыноодон өткөрүлдү

Бири-бири менен жарым кылымдан ашык убакыттан бери согуш абалында кала берип жаткан эки өлкө деңиздеги кагылышуударды алдын алуу үчүн эки өлкөнүн аскерлеринин ортосунда атайын байланыш линиясын түзүүгө өткөн айда макулдашкан эле. Эки өлкөнүн деңиз сууларындагы кагылышуулардан өткөн жылдардын ичинде сандаган кишилер каза тапкан. Түштүк Кореянын президенти Ро Му Хендин айтымында, мындай кагылышуулар Корей жарым аралындагы туруктуулукка коркунуч келтирип жаткан эң ири фактор болуп кала берүүдө.