Беларусияда жайкы капсалаңдан бир киши курман болуп, элет жеринде жашаган миңдеген адамдар электр энергиясыз калышты. Капсалаңдан эң катуу Витебск жана Гродно областтары жабыркашты. Бул жерде шамалдын күчү саатында 80 километрге жетип турду. Кыйраган бактын алдында калып, бир киши жан таслим болду, дагы ондогон кишилер түрдүү жарааттар менен ооруканага кайрылышты. 2000дей кыштак, баары болуп, 200 миңдей киши электр энергиясыз калышты. Шамал менен топон суу бир миңдей үйлөрдү кыйратып кетти. Жүздөгөн баш мал жараат алып, жабыр тартты.