Өзбек президенти адам укуктарын коргоо боюнча дагы бир жобого кол койду

Өзбек президенти Ислам Каримов кечээ күнү кол койгон жобого ылайык, кайсы бир адамды камакка алуу чечими 2008-жылдан тартып прокурорлор тарабынан эмес, соттор тарабынан чыгарылууга тийиш. Өзбек маалымат каражаттарынын жазышынча, аны менен адам укуктарынын корголушу күчөтүлөт. 2008-жылдан тартып Өзбекстанда өлүм жазасын жоюу тууралуу да өткөн аптада Каримов башка бир жобого кол койгон.