БАТКЕН. Баткен облусунун укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнөн 9-август күнү алынган маалыматка караганда, Өзбекстан Баткен облусунун Кадамжай району менен чектеш жерине, Баткен-Ош жолунун боюна мурда алынып салынган чегара бекетин кайра орнотууга аракет жасоодо. Шейшембиде бул маселе боюнча сүйлөшүү үчүн облустук бийликтин өкүлдөрү менен Айдаркен чек ара бөлүгүнүн жетекчилиги Өзбекстанга жөнөп кетишти. Баткен облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Султан Айжигитов ушул эле күнү “Азаттыкка” өзбек тараптын мындай аракети эки тараптуу келишимди бузгандык деп эсептээрин билдирди.
Өзбек тарап кайра орнотууга аракет жасап жаткан бул чегара бекети кыргыз атуулдарынын ары-бери каттоосун кыйындатып, бир топ азапка салганы тууралуу арыз-даттануулардан улам 2000-жылы облустун ошол кездеги губернатору Мамат Айбалевдин аракети менен алынган эле.