КОНСТИТУЦИЯЛЫК КЕҢЕШ КАЙРАДАН ТҮЗҮЛӨБҮ?

Чолпон Орозобекова, Бишкек Ыңкылаптан кийин түзүлгөн Конституциялык кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун даярдап чыккан. Бирок шайланган президент Курманбек Бакиев бул кеңеш шашылыш түзүлүп калган деп айтуу менен аны кайра түзүлөт деген ишаарат берди. Коомчулукта болсо жаңы Конституциялык кеңеш түзүп, Баш мыйзамдын үстүндө ишти кайрадан башташ керек деген пикирлер айтылууда.
Конституциялык кеңеш үч айга чукул иштеп, Баш мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыккан. Ага ылайык президенттин полномочиелери парламент менен бөлүштүрүлүп, Жогорку Кеңештин 30 пайызы партиялык тизме менен келмек болгон. Долбоор боюнча президент болсо бир гана мөөнөткө шайланат. Президенттик шайлоодон кийин бул Конституциялык кеңештин курамын жаңылап туруп, Баш мыйзамга кайра киришүү сунуштары айтыла баштады. Кыргызстан элдик кыймылынын курултайында Курманбек Бакиев дагы бул кеңеш шашылыш түзүлүп калган деп айтуу менен азыркы долбоорго көңүлү толбогондугун билгизген.

«Экриндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев «Конституциялык кеңешмени кайра түзүү боюнча сунушубузду президент колдоого алды» деп билдирди. Тургуналиев мырзанын пикиринде, кеңешмени кайра түзүп, ишти кайра баштоо керек. Топчубек Тургуналиевдин пикиринде, ыңкылаптан кийинки бул кеңешме жеке адамдарга карата атайын нормаларды чектеген учурлар бар:

- Конституциялык кеңешмеге «текебаевчил» жана «акаевчил» күчтөр кирип калган. Алар атайын жеке адамга каршы иш жасаганы көрүнүп турат. Бакиев бир гана мөөнөт отуруш керек деп атышат. Бир да өлкөдө мындай норма жок. Кыргызстан деген азыр жакырчылыктын сазына баткан. Жаңыдан кризистен чыгарып келатканда кетип калышы керекпи?

Жогорку Кеңештин спикери Өмүрбек Текебаев болсо азырынча Конституциялык кеңешмени таратуу же кайра түзүү жөнүндө ырасмий билдирүүлөр же буйруктар жок деп, оюн айтуудан баш тартты.

Президент ант бергенден кийин Конституциялык реформа боюнча чечкиндүү кадамдар башталаары дайын. Айрым байкоочулар Конституциялык кеңештин курамын өзгөрткөндөн майнап чыкпайт дешет. «Арнамыс» партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев талкуу учурунда элден түшкөн сунуштарга көбүрөөк көңүл бурган оң дейт. Анын пикиринде, Конституциялык кеңешти жаңылагандан эчтеке өзгөрбөйт.

Айрым байкоочулар Курманбек Бакиев шайлоо менен алектенип жүрүп, Конституциялык кеңешме ага бир гана мөөнөт даярдап атканын анча аңдабай жүргөн, шайланып алган соң эми бул багыттагы кемчиликтерди оңдоону өз колуна алат деп жатышат.

Конституциялык кеңешменин мүчөсү, белгилүү юрист Шамараалы Майчиев президенттин мөөнөтү тууралуу мындай дейт:

- Президенттин мөөнөтү боюнча эки башка пикир болду. Менимче, эң талаш маселе ушул болду - эки мөөнөт иштейби же бир эле мөөнөттө кетиш керекпи? Биз акыркы долбоордо бир эле мөөнөт, беш жыл иштейт дегенди калтырганбыз. Курманбек Бакиевдин өзүнө жактыбы же жакпадыбы мен айта албайм. Бирок Констиуциялык кеңешмедеи Курманбек Бакиевдин өкүлү эки мөөнөттү жактаган.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев «балким Текебаевдин президент болуу тилеги да рол ойноп жаткандыр, бирок мындай тирешүү чындап болсо, анда Кыргызстан уттурат» - деген оюн ортого салды.

- Текебаевдин илгертеден эле президент болом деген тилеги бар эмес беле!? Балким ыңкылаптан кийин Курманбек Бакиев болуп калганына ичи тызылдап аткан жайы бардыр. Бирок мен буга анча ишенбейм. Эгер бул эки саясатчынын ортосунда чындап эле тирешүү болуп атса, анда Кыргызстандын эле шору.

Учурда Башмыйзамдын долбоору коомчулуктун талкуусунда. Массалык маалымат каражаттарына атайын тендер жарыяланып, анда утуп алган гезиттерге бул долбоор жарыяланган. Президент ант бергенден кийин баары башынан башталабы, азырынча белгисиз. Айрым байкоочулар жогорку деңгээлдеги саясатчылардын тиреши болуп атат деп жатышат. Конституциялык кеңешмеге кирген Шамарал Майчиев болсо “жеке адамдардын эмес, Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштегенбиз» дейт.