ЕВРОПА: ТУРМУШ ЧЫНДЫГЫ ЖАНА МУСУЛМАНЧЫЛЫК

Ушу тапта Европа өлкөлөрүндө 15-20 миллион чамалуу мусулман жашайт. Алардын баары эле жаңы маданиятты жеңил кабыл алып, жергиликтүү эл менен камыр-жумур аралышып кетишпейт. Андыктан, көпчүлүк өлкөлөрдө Жакынкы Чыгыш, Африка же Азия өлкөлөрүнөн чыккан мусулмандар жамаат-жамаат болуп, өз каада-салттарын бекем тутуп жашашат. Алардын бир жааты турган өлкөсүнүн мыйзамдарына каршы келгенине карабастан шарият жоболорун ылайык көрөт.
Өткөн жылы Лондондун четиндеги кичинекей шаарчада жашаган аял Мусулман уламалар кеңешине атын көрсөтпөй кат жазып, арызданды. Анын аракеч күйөөсү мас абалында келип, ага үч талак бериптир.

Европанын фатва жана изилдөөлөр кеңеши береги эркек соо абалында “үч талак” деп айткан сөзүнөн танбаганына шилтеп, нике бузулганын тастыктады.

Британиялык аял шарият жолунда адилеттик издеп, абройлуу уламалар кеңешине масилээт сурап кайрылган биринчи мусулман эмес. Европада жашаган мусулмандарды: Чогулган акчаны банкка салып көбөйткөн пенсиондук системага акча чегерсем болобу? Денеге жабышкан жибек кийимди кийүү күнөө эмеспи? Скандинавия өлкөлөрүндө шам намазды буурул түн маалында күн уясына конбой жатып окуса болобу? - деген сыяктуу Батыш коомунун жашоо жолоюна байланыштуу түркүн суроолорго жооп сурашат.

Европада мусулманчылыкты тутуу боюнча жүрүп жаткан талкууларда Жакынкы Чыгышта жайгашкан жана финансылык мүмкүнчүлүгү күчтүү уюмдар жөнөткөн молдолор сан жагынан үстөмдүк кылышат. Алардын көбү Европанын жашоо өзгөчөлүгүн бейкабар адамдар болушкандыктан, үйлөнүү жана ажырашуу маселесинде көбүн эсе жергиликтүү мыйзамдарга карама-каршы келген түшүндүрмө беришет. Атүгүл өзүн билерман деген молдолордун билими тайыз болгондуктан, алар шариятты “саясый жана идеологиялык демагогияга таянып чечкенге умтулушат” дейт Калифорния университетинин профессору Халед Абу ел-Фадл.

Европанын фатва жана изилдөөлөр кеңешине 35 топ кирет. Аны теги Мисирден чыккан “Мусулман агайиндер” уюму менен жакын байланыштагы уюшмалар жана уламалар Европага көчүп барган мусулмандардын жаңы чөйрөгө жеңил көнүүсүнө жардамдашуу максатында негиздешкен. Көпчүлүк Жакынкы Чыгыштык аалымдардын каршылыгына карабай, сөз болуп жаткан кеңеш мүлктү күрөөгө коюп, үй сатып алууга уруксат берген чечим чыгарды.

Кеңештин түптөөчүсү,таанымал аалым Юсуф Карадави мусулмандардын жашаган өлкөсүнүн саясый турмушуна катышуусун колдоп, аялдар жумушка чыкканга күйөөлөрү уруксат бериш керек деп санайт. Ал Батыш өлкөлөрүндө, анын ичинде жанкечтилердин жакында Лондондо болгон чабуулун айыптады. Карадави ошол эле учурда Израил жарандарына жана Ирактагы америкалык аскерлерге каршы жанкечтиликти жактаган фатва чыгарган. Аалым ошондой эле кумсаларды шариатка ылайык өлүм жазасын тартууну колдоду.

Фатвалар зордук-зомбулукка чакырбаган учурда деле Батыш коомун бейадеп жана балит деп, терс жактарын ашыкча шылдың кылган матераилдарды жайылтуу жек көрүүчүлүккө жана зордук-зомбулукка түртүшү ыктымал. “Уорлд Стриит Жорнэль” гезити жазганга караганда, Лондондо жанкечтилик жасаган жигиттер сырттан келген жана Батышты таңсыктаган идеологиянын таасири астында шейит болушкан.

Мусулман өлкөлөрүндө сабаттуу адамдардын саны көбөйгөн сайын, диниятчылар мурдакыдай адамдардын диний аң сезимин контролдой албай калышат. Билимдүү адамдар Куранды жана Мухаммед пайгамбардын хадистерин өз алдынча түшүнүүгө аракет кыла башташат. Авторитардык бийликтердин динди элди контролдоо үчүн мурдакыдай пайдалана албай калат.

Байкоолорго караганда, Европа мусулмандары ичиндеги калабалуу иштер үрп-адаттын бошоңдошу сөзсүз эле адамдарды байистүүлүккө алып барбасын айгинеледи. Тескерисинче, жаңы шарт алардын көз карашын жана ишенимин бөлүшпөгөн башка маданияттын өкүлдөрүнө чыдабастык, жек көрүүчүлүк менен мамиле кылууга, диндин да катаал жактарын алууга өбөлгө болорун Европада жашаган мусулмандардын мисалы көрсөтөт, дешет талдоочулар.