Казакстандын Караганда облусундагы ишканада болгон жардыруудан, соңку маалыматтар боюнча, төрт киши мерт болуп, дагы алты адам жараат алды. Окуя – Караганда облусуна караштуу Жезказган шаарындагы менчик ишканада орун алды. Ал жерде көмүр кендеринде жана башка оор өнөр жайында керектелчү жардыргыч заттар даярдалчу экен.