ЖУРТ БАШЧЫНЫН КЫЗМАТКА КИРҮҮ ЖӨРӨЛГӨСҮ, КОРРУПЦИЯНЫН УЛУТТУК ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ

Апта соңундагы кыргыз гезиттеринде жаңы президенттин кызматка кирүү жөрөлгөсү, кыйла күндөн бери жол тосуп жаткан барскоондуктардын өкмөттүк комиссиянын убадасына ишенип, нааразылык чараларын бир айга чейин токтотушканы, окурмандардын бийлик, саясат тууралуу пикирлери жарыяланууда.
5-августтагы «Кыргыз туусу» гезитинде биртоп саясий-экономикалык темадагы материалдар, ой жүгүртүүлөр, талдоолор жарыяланууда. Алардын кыскача мазмуну менен гезиттин баяндамачысы Бактыгүл Чотурова тааныштырат.

- Калкыбызды кабатыр кылган Барскоон алааматы, 7 жылдан бери жабыр тарткан элибиздин тарткан зыяндын ордун толтуруу талабы, ошондой эле «Кумтөр» алтын кенин иштеткен комбинатты жактоочулар менен каршылаштардын пикирлери «Алтын дүрбөлөңү» аттуу макалалар топтомунда берилген. Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы турак-жай департаментинин жетекчилеринин эл менен жолугушуусу кыйла талаш-тартыштарды жаратканы чагылдырылган. Өзбекстандан келген качкындар тууралуу Башкы прокурор менен белгилүү укук коргоочунун кайчы пикирлери да ушул санда жарыяланды. Анда Ош СИЗОсунда кармалып жаткан 4 жарандын тагдыры тууралуу сөз болот.

«Кумтөр» алтын кенине бараткан жолду Жетиөгүз районунун беш айылынын жашоочуларынын тосуп салышы 7 жылдан бери чечилбей келаткан маселеге башкача өңүттөн кароого мүмкүнчүлүк түздү. Жума күнкү «Эркинтоо» гезитинде Турсунбү Баетованын «Кумтөр» алтын кени компаниясынын жетекчилеринин, өкмөттүк комиссия мүчөлөрүнүн жергиликтүү эл менен жолугушуусунда козголгон маселелер тууралуу репортажы жарыяланды. Жетиөгүз районунун беш айылынын 500 чамалуу адамы өкмөттүк комиссия түзүү талабын коюп, жергиликтүү элдин социалдык-экономикалык биртоп проблемаларын чечүү маселесин көтөрүп чыгышкан.

Гезитте илимпоз Рыскул Жолдошевдин мамлекет башчысынын жаңы кызматка кирүү расмий жөрөлгөсү, президенттик инаугурациянын чоо-жайы, журт башчыларын эл мурдагы заманда кандай каада-салтта дайындап келгени тууралуу маалымдамасы жарыяланган.

Парламент депутаты Исхак Масалиев гезит кабарчысы К.Бакиров менен аңгеме-дүкөнүндө учурдагы саясат, мурдагы бийликтин жасаган иштери, коомдук-саясий ишмер Абсамат Масалиев тууралуу эскерүүсү, элдик ыңкылаптын чыгуу себептери тууралуу кеп кылган. Аңгеме-дүкөн «Көп суур ийин казбайт» деген аталышта жарык көргөн.

Публистчи Кенжаалы Сарымсаков улуттун улуулугу - анын алдыга койгон максат-милдеттерине, майтарылбас эркине байланыштуу экенине токтолгон. Автордун ырасташынча, көөнөрбөс каада-салттар, нарк-насилдер кылымдардан-кылымга жашап келишинин бир себеби акылга, жүйөөгө байланыштуу. Ошондон жүйөөгө-жүйөө келтирүү ириде акыл-ой чабытынын бийликтигине, кеңдигине байланыштуу. «Улут күчтүү болмоюн алды жагы бозоргон боз туман», дейт макала автору.

Коррупциянын улуттук жүзү кандайлыгына жума күнкү «МСН» гезитинде Чыңгыз Шамшиев ой жүгүрткөн. Кыргызстанда коррупция чайлап-коолап өнүгүп, тамырын кенен жайып кеткени 24-марттагы бийлик алмашуудан кийин гана айтылып жаткан жери жок. Ал тууралуу мурда деле арбын кеп болчу. Бирок да Акаев режими тушунда коррупцияга бүтүндөй мамлекеттик аппарат кызмат кылчу, дейт макала автору.

Мурдагы президент академик, илим адамы болгону менен Улуттук илимдер академиясына жетиштүү көңүл бурулган эмес. Дегеле академиянын азыркы абалы адам ыйларлык. Жакындан бери илимдер академиясын кайрадан түзүү, аны жогорку окуу жайларына кошуу тууралуу сөз боло баштады. Бирок да илимдин өнүгүшү үчүн зарыл шарттардын бири академиялык китепкананын бүгүнкү абалына боор ооруган киши жок. Журналист Зоя Исматулинанын макаласында илимий китепкана тууралуу кеп болот.