Египеттиктер президентине нааразы

Египеттин президенти Хосни Мубарактын бешинчи жолу президенттикке шайлоого катышуу планына каршы бүгүн Каирде тынч демонстрация болду. Өткөн ишемби күнү ушундай талап менен чыккан демонстрациянын катышуучуларын полиция катуу сабаган болчу. АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Том Кейси аны олуттуу окуя деп баалап, Вашингтон аны Египеттин бийлик өкүлдөрү менен бирге талкуулаарын билдирди. Ал эми Мубарак өлкөнүн тарыхында биринчи жолу ушул жылдын сентябрында көп партиялуулук системасынын негизинде президенттик шайлоо болорун жарыя кылган.