Лондон алгачкы айыптоону жарыялады

Улуу Британиянын бийлиги 21-июлдагы жардырууларга байланыштуу алгачкы расмий айыптоону жарыя кылды. Анын негизинде 23 жаштагы Исмаил Абдурахманга террор болорун билип туруп маалыматты жашырган деген айып коюлду. 7- жана 21-июлдагы жардырууларга тиешеси бар деген шек менен азыр 14 адам камакка алынган. Шаршембиде дагы бир шектүү адам –Харун Рашид Асватты Замбиянын өкмөтү Улуу Британияга өткөрүп берерин билдирди.