Саясий партиялар качкындар маселеси боюнча кайчы пикирде

БИШКЕК. Кыргызстандагы 11 өзбек качкыны Өзбекстанга эмес, үчүнчү өлкөгө өткөрүлүп берилиши керек. Мындай пикирин 3-августта «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев «Азаттыкка» билдирди. «Менин өлкөм» партиясы да 11 качкынга БУУнун Качкындар башкармалыгы тарабынан качкын макамы берилген соң Өзбекстанга эмес, үчүнчү өлкөгө өткөрүлүп берилүүгө тийиш деген көз карашта. Ал эми Кыргызстан коммунисттер партиясы менен «Акыйкат» партиялары эгерде 15 өзбек бозгундун кылмыш жасагандыгы далилденсе, аларды өзбек бийлигине өткөрүп берүү керек деген пикирди карманышууда.