Кремль америкалык журналисттердин Орусияда иштөөсүн каалабайт

АКШнын мамлекеттик департаменти Кремлдин америкалык “ЭЙ-БИ-СИ” телеканалынын кызматкерлеринин Орусияда иштешине уруксатты узартпай тургандыгына кабатырланганын билдирди. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги мындай ниетин аталган телеканал аркылуу чечендердин талаа командири Шамил Басаевден алынган интервьюнун көрсөтүлгөнүнө нааразылык катары билдирди. Шамил Басаевден интервьюну “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы Андрей Бабицкий алып, аны “ЭЙ-БИ-СИ” телеканалы көрсөткөн. АКШнын өкмөтү “ЭЙ-БИ-СИнин” интервьюну көрсөтүү чечимине эч кандай тиешеси жок экендигин жана чечендердин аракетин айыптаарын билдирди.