САУД АРАБСТАНДЫН ЖАҢЫ ПАДЫШАСЫ БУГА ЧЕЙИНКИ НУКТУ УЛАНТАБЫ?

Төрөкул Дооров, Прага Сауд Арабстандын падышасы Фахддын өлүмү Жакынкы Чыгышта доор алмашканын айгиниледи. Анын мураскору Абдулла акыркы он жыл бою, падыша Фахддын жүрөгү кармагандан бери, өлкөдө мамлекеттик ишти дээрлик толугу менен өзүнө алды. Бул милдетте Абдулла өзүн тышкы саясатта Батыш мамлекеттери, өзгөчө, АКШ менен кызматташтыкты арттырган, ошол эле учурда, өлкөнүн консервативдик маанайдагы Ваххаби мусулмандары менен да тыгыз байланышта иштеген башкаруучу катарында көрсөтө алды.
Учурда байкоочуларды ырасмий түрдө падышалыкты алып жаткан Абдулла өлкөнүн Батыш менен достукка негизделген саясатын өзгөртөбү же аны кайрадан өнүктүрөбү деген суроо кызыктырууда. Бул өңдүү суроолорго ырасмий жооп мындайча болду.

- Мураскор ханзаада, азыр эми падышалыкка олтуруп жаткан, Абдулла Сауд Арапстандын тышкы жана ички саясаттарында маркум падыша Фахд менен дайыма акылдашып, тыгыз иштеп келген. Андыктан, менимче, бул саясатта кескин өзгөрүүлөр болушу деле мүмкүн эмес, балким, падыша Фахд өзү жүргүзүп келген саясатта айрым өзгөрүүлөр болушу ыктымал.

Мындай билдирүүнү Суадиянын ханзаадасы Турки ал-Файсал дүйшөмбүдө Лондондо өткөн маалымат жыйынында жасады. Ал ушул тапка чейин өлкөнүн Британиядагы элчисинин кызматын аркалап келди. Эми Эр-Рияддын Кошмо Штаттардагы элчилигин жетектөөгө жиберилээри айтылууда.

Анын айткандарын комментарийлеп, Вашингтондогу абройлуу изилдөө топторунун бири, Карнеги борборунун аналитиги Натан Браун Саудиянын Батышка карата саясатында анча деле чоң бурулуштар болбошун айтат. Бирок падыша үй-бүлөсүнүн келээрки муун өкүлдөрүнүн багыты кандай болоору башка маселе дейт Браун.

- Биз дале Сауд Арабстанды түзүүчүлөр менен кызматташып келатабыз. Фахддын же Абдулланын муунунан айрымдар биз билген Саудияда өсүп-жетилди. Алар Сауд Арабстанда азыркыдай өнүккөн жаңы инфраструктурасы жок кезде төрөлгөн. Жаңы муундун өкүлдөрү булардан алда канча көрөгөчтүгү, жетиктиги менен айырмаланат, андыктан бул маселеде биз чындап эле лидерликтеги терең өзгөрүүлөр жөнүндө сүйлөшүп жатабыз. Бирок ал келечекте кандай түзүлөөрү азырынча бизге белгисиз.