Кондолиза Райс Курманбек Бакиевге ыраазычылык билдирди

БИШКЕК. 29-июлда АКШнын мамлекеттик атчысы Кондолиза Райс Кыргызстандын жаңыдан шайланган президенти Курманбек Бакиев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, кыргыз бийлигин өзбек бозгундарына Румынияга учууга уруксат бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди. Бул тууралуу 30-июлда АКШнын мамлекеттик департаментинин маалымат кызматына таянып «Кабар» агенттиги жазып чыкты. Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө Кыргызстан куугунтуктоолордон коргоо издеген адамдарга жардам көрсөтүү боюнча эл аралык коомчулуктун аракеттерин колдой тургандыгын көрсөттү,-деп жазылган. Ошондой эле Кыргызстан баш паанек сураган калган бозгундардын укуктарын толук коргоо боюнча да тиешелүү ыкчам кадамдарды жасашына да ишеним бар, - деп белгиленген АКШнын Мамлекеттик департаментинин документинде. Департаменттин маалыматтары боюнча, Кыргызстандан Румынияга 439 өзбек бозгун учуп барды. Алар бул өлкөдөн эми үчүнчү өлкөлөргө туруктуу жашоого которулат. Өзбек бозгундары 13-14-май күндөрү Анжиянда орун алган окуялардан кийин Кыргызстандын аймагына качып келишкен.