ФИНЛЯНДИЯДАГЫ ДҮЙНӨЛҮК ЖАЗУУЧУЛАР ЖЫЙЫНЫНА КЫРГЫЗСТАНДЫК АКЫН КЫЗ ДА КАТЫШТЫ

Бүткүл дүйнөлүк жазуучулар уюуму Франциянын баш калаасы Парижде жайгашкан. Аталган уюм эки жылда бир Финляндиянын Хельсинки шаарында конференция өткөрүп, дүйнөлүк адбияттын учурдагы абалына, келечегине байланыштуу маселелерди козгойт. Ал жыйынга жакында Кыргызстандан биринчи жолу акын Алтынай Темирова катышып келди.
Бүткүл дүйнөлүк жазуучулар уюумуна конкурстук негизде тандалып алынган жер шаарындагы мыкты акын-жазуучулар мүчөлүккө кабыл алынат. Уюм негизинен философиялык ойлорго бай, психологиялык жактан терең, жалпы адамзаатка тиешелүү чыгармаларды тандап, сүрөткердин жан дүйнөсүнө, байоо көз карашына көңүл бурат. Хельсинкиде жакында өткөн дүйнөлүк акын жазуучу, сынчылардын конференциясына ар кайсы мамлекеттен расмий түрдө 60 адам чакыртылган. Алардын арасында Борбор Азиядан биринчи жолу жалгыз кыргыз кызы, акын Алтынай Темирова катышып келди.

Дүйнөлүк жазуучулар уюмуна кандайча мүчө болуп кабыл алынганы тууралуу Алтынай Темирова буларга токтолду:

- Мен студент кезде орусча басылмаларга ырларымды чыгарып жүрчүмүн. Өткөн жылы Бүткүл дүйнөлүк жазуучулар уюмунан мага кат келди. Мен үчүн бул күтүлбөгөн окуя болду. Анткени мен ал уюмга мүчө экенимди билген эмесмин. Алар менин мурдакы жазган ырларымды конкурстун негизинде тандашып, уюмга мүчөлүккө кабыл алышыптыр. Анан жаңы жазылган ырларыңыздан жөнөтүңүз, деген сунуш жолдошуптур. Былтыр менин чыгармаларымдын тандалмасынан китеп чыгарбадым беле. Ошол китебимден көңүлүмө жаккан 10 чакты ырды электрондук почта аркылуу салып жибергем. Жаңы жылдан кийин Бүткүл дүйнөлүк жазуучулар конференциясына чакыруу келиптир. Жакында Хельсинкиде ошол конфренцияга катышып келдим.

Аталган конференцияга дүйнөлүк атагы бар акын жазуучулар катышып, ал жыйын англис тилинде өткөрүлгөн. Алтынай өз алдынча англис тилин анча-мынча өздөштүрүп алганымдын пайдасы эми тийди дейт. Конференциянын максаты тууралуу ал буларды айтты:

- Бул жерде негизги маскат дүйнөлүк адабияттын, дүйнөлүк маданияттын жалпы байланышы. Учурдагы чыгармачылык процесстин кандай багытта жүрүп жатканы, өнүгүүсү тууралуу маселелер каралды. Жаңы жазылган чыгармалар талкууланып, пикир алышуулар болду.

Жыйында Алтынайдын сунуш кылган ырлары фин, англис тилдерине которулуп, өзү чыгармасын кыргыз тилинде окуп бериптир.

- Күндөр жаалдуу,
Күндөр даамдуу.
Биринен бири өтүп,
Аптаптуу дагы, аяздуу дагы
Биринен бирине көчүп.
Кыйнаган бирде,
Сыйлаган бирде,
Нурунан төгө, өмүрүм менин
Кай түстө деги.
Көздөрүм сенин, жарыгың бердиң.
Кааларым эмне кызылбы, көкбү?
Сыйкырың менде.


Акындын «Күндөр жаалдуу, күндөр даамдуу» деген ушул ыры менен «Жаным сүйөт бурганакты,бороонду» деген ыры башка мамлекеттерден келген акын-жазуучулардын купулуна толгон.

Хельсинкиде өткөн бүткүл дүйнөлүк акын-жазуучулардын жыйынына катышып келген Барпы атындагы сыйлыктын ээси, акын Алтынай Темирова кыргыз адабиятынын бир үзүмүн азыркы дүйнөлүк адабияттын өкүлдөрүнө тааныштырып, алар менен келечекке чыгармачылык көпүрө куруп келгенине шарт түзүп берген уюмдун уюуштуруучуларына ыраазычылыгын билдирди.