КАЧКАНДАР АЗ-АЗДАН КАЙТЫШУУДА, ТЕРГӨӨ УЛАНУУДА

Ири суммадагы акчага байланышкан чатактан карабашын калкалап качып кеткен айрым ишкерлер менен жетекчилер жаңы бийлик тушунда кайрылып келе башташты. Кыргызстандын Башкы прокурору адашкандардын текши баарына козголгон кылмыш иши кылдат текшерилип, калыс баа бериле турганын билдирүүдө. Ушу тапта мыйзам коргоо кызматкерлери Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысынын келишин күтүп отурушат.
Артынан чоң чууну ээрчите кеткен «Кыргызгазмунайзаттын» мурдагы жетекчиси Шалхар Жайсаңбаев Кыргызстандын Башкы прокурору менен көзмө-көз жолугушкандан кийин чуулуу иштин чоо-жайын момундайча түшүндүргөн:

- Бу силерди кызыктырган маселе 18,5 миллион доллар акча кайда деген суроо. Мен дал ушул суроодон баштагым келип турат. 18,5 миллион доллар акча уурдалган деген кине - ойлоп табылган жомок. Мага Казакстандагы Борбор Азия банкынан алынган 6,5 миллион долллар кредитти газ, мунай ташып келүүчүлөргө төлөп бергеним үчүн айып коюшкан. Укуктук жагынан алганда, кредит алып товар ташып келүүчүлөргө төлөп бергендиги үчүн түрмөгө отургузбайт.

Ш. Жайсаңбаев мындан 7 жыл илгерки кайсы бир таасирдүү күчтөр мамлекеттик мекемени сызга отургузуп, газ, мунай тармагына тийиштүү дүйнө-мүлктү ээлеп алуу амалында жасашкан деп түшүндүрөт. «Кыргызгазмунайзатка» тиешелүү мүлк акыйкатта да азгырыгы чоң дүйнө болчу: ар бири 20 тонна мунайды сактоочу 24 нефтебаза, 125 автомай куючу станция, 240 вагон-цистерна. Кирешелүү ишкананы сызга отургузуу артынан 6 банкты ала жыгылды. Миңдеген адамдар сактап отурган акчасынан айрылышты. Ш.Жайсаңбаев уурдап алып кетти деген 18,5 миллион доллар акча тууралуу маалыматтар ошентип жаралган.

Айтылуу «Renton Group» компаниясынын мурдагы жетекчиси Эдуард Пак да элдин акчасын уурдап качып кетпегенин, 2,5 миң кишинин үстөк пайызы менен көтөрүлүп кеткен 197 миллион сомун кайтарып берүүгө даяр экенин аманатчылары менен болгон жолугушуусунда айткан:

- Мен бул жерге мурдагы ишти улантып, карыздарды кайтарып берүү максатында келдим. Сиздердин акчаны алып качып кеткен жокмун.

Башкы прокуратуранын издөөсүндө жүргөн Рысбек Акматбаевдин, андан аз өтпөй Эдуард Пактын, Шалхар Жайсаңбаевдин жаңы бийлик алдында агынан жарылып, талаштуу делген маселе укуктук негизде чечилишинен үмүт кылып отурса, бюджеттик акчаларга байланышкан чатакка илинчеги бар делинип мурдагы өкмөт башчы Николай Танаев, 17-июндагы башаламандыкка тиешеси бар деп күнөөлөнүп аткан Урмат Барыктабасов жакын арада Башкы прокуратуранын босогосун аттаганы туру.

Кыргызстандын Башкы прокурору Азимбек Бекназаров мыйзам бузгандардын бирине да кечирим берилген жок дейт.

- Эл арасында да ушул боюнча түшүнбөстүктөр болуп жатат. Мен буларды чакырып келип эле кое берип аткандай болуп атат. Жок, буларга тергөө иши эми башталды. Булар убагында тергөө органдарына ишенбей, же болбосо «бийликке ишенбей качып кеттик деп келишип атышпайбы. Мына азыркы бийликке ишенебиз. Ачык, так, мыйзамдуу тергөө чыгарып берет», деп туруп ишенгенден келип отурат. Кечээ күнү Б. Воробьев келди. Анын иши абдан көп экен. Мына баарын чогултуп атабыз, тергөөнү анан жүргүзөбүз. Болгону мен тарабынан аларга ушундай шарт коюлду, сөзүмө турдум. «Эгер өз ыктыярыңар менен келсеңер, мен камабай тергөө жүргүзөм». Ушул эле меники. Мен аларды камаган жокмун.

Башкы прокуратуранын ишеним арткан жаңы аракетинин натыйжасы кандай болорун айтыш кыйын. Тек бул кожокөрсүнгө саясий кызыкчылыктын садагасына чабылчу бир жасалчу ишпи же Кыргызстандын мыйзам сактоо органдары адам укугун барктап гумандуу саясатка өткөнбү – аны алдыдагы убакыт көрсөтөт.