КЫРГЫЗСТАНДА КАЛГАН 15 КАЧКЫНДЫН ТАГДЫРЫ ЧЕЧИЛЕ ЭЛЕК

Өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 29-июлга караган түнү 440 өзбек качкыны Кыргызстандан чыгарылып кетти. Ал эми Оштогу СИЗОдо дагы 15 бозгун кармалып турат. Алардын тагдыры эми кандай чечилет? Темага Айданбек Акмат уулу кайрылат.
Оштогу СИЗОдо кармалып турган 29 качкындын тагдырын чечүү максатында 28-июлда кечки саат тогуздан он бирге чейин Башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун иш бөлмөсүндө сүйлөшүүлөр жүрдү. Ага Бекназаров, тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг, Бириккен Улуттар уюмунун Качкындар боюнча комиссарлыгынын өкүлү Карлос Заканини катышты. Сүйлөшүүлөр соңунда 29 качкындын 14ү бошотулуп, алар көпчүлүк бозгундар менен башка өлкөгө чыгарылып кетти. Белгилей кетүүчү нерсе, качкындар боюнча комисарлык 29 бозгундун 25не качкын макамын берип, ал эми төртөөнө берген эмес.

Комиссарлык 28-июлда мына ошол 25 адамды алып кетүүгө аракет кылган эле.
Сүйлөшүүлөрдөн кийин тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева буларды билдирген эле:

- Качкындардын 12си жана макам берилбеген үчөө калат. Алардын үстүнөн дагы иштейбиз. Өзбекстанга бербейбиз.

Ал эми өлкөнүн Башкы прокурору Азимбек Бекназаров 29-июлда “Азаттыкка” берген интервьюсунда БУУ тарабынан качкын статусу берилип, бирок Кыргызстанда калган он бир жана качкын макамы берилбеген төрт бозгундун тагдыры тууралуу буларды билдирген:

- Биз мурда отурган адамдарды кайрып беришибиз керек. Башкы прокуратура ошондой чечим чыгарып койгонбуз. Андан башка үч адам, БУУнун качкындар боюнча комиссарлыгы баш тарткан, адам өлтүргөн, баңги, бирөөсү өзгөчө коркунучтуу кылмышкер. Ушул адамдар калды. Эки Конвенциянын, биздин ички мыйзамдардын талабына ылайык биз аларды Өзбекстанга берүүбүз керек.

Бирок бул атуулдарга кайсы бир өлкө качкын макамын берип, алып кетүүгө ниеттенсе, биз аларга жол беребиз. Бирок андай өлкө чыкпай жатпайбы, деп белгиледи Азимбек Бекназаров.

“Адилет” укуктук уюмунун лидери Чолпон Жакупованын билдирүүсүнө караганда, алар 15 качкындын эмне себептен берилбегени тууралуу чечимди кагаз түрүндө берүүнү Башкы прокурордон сурайт жана андан кийин маселени сот аркылуу чечүүгө аракеттенет.

Өлкөнүн мурунку тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев Кыргызстан биринчи жолу мына ушундай абалга кабылгандыктан чайналуу болгонун белгилеп, бирок БУУдан качкын макамын алган атуулдарды өткөрүп берүү керек деген пикирин билдирди:

- Эгерде Бириккен Улуттар уюмунун качкындар боюнча комиссарлыгы качкын статусун берсе, анын негизинде үчүнчү өлкө аларды алууга даярдыгын билдирсе, аларды өткөрүп берүү Кыргызстандын жетекчилери үчүн абдан оптималдуу чечим болмок.

Өлкөнүн тышкы иштер министрилиги өзбек качкындарын үчүнчү бир өлкөгө чыгаруу ишинин аякташына байланыштуу 29-июлда билдирүү менен чыгып, анда май айынын орто ченинде өзбек качкындары Кыргызстан аймагына келгенден бери кыргыз өкмөтү эл аралык мыйзамдарга ылайык иш жүргүзгөнүн жарыялады.

Ошондой эле калган 15 атуулдун тагдыры боюнча кошумча иликтөөлөрдөн кийин кабыл алына турган чечим өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерине дал келе турганына ишенич билдирилген.