Анжиян окуясында Кыргызстанга баш калка сурап келген өзбекстандыктардын ичинен 451 адамды үчүнчү өлкөгө которууга байланышкан чаралар бейшембиде да улантылды. Бирок алардан тышкары Оштогу тергөө изоляторунда кармалып турган 29 адамдын тагдыры боюнча расмий бийлик бир пикирге келе элек. Улуттар уюмунун Качкындар иштери боюнча башкы комиссарлыгы оор кылмыш жасагандыгынан шектелген 4 адамдан башкасын үчүнчү өлкөгө өткөрүп берүү зарыл деп эсептөөдө.
Бул маселе 27-июлда Коопсуздук кеңешинде талкууланды. Бирок анын тыянагы тууралуу расмий маалымат таратылган жок. Президенттин алдындагы адам укуктарын коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун «Кабар» агенттигинде уюштурган маалымат жыйынында бул маселе боюнча төмөнкүлөрдү билдирди:
- Коопсуздук кеңешинин пикири ушундай: кылмыш жасагандыгынан шектелип жаткан 29 адамдын 15ин үчүнчү өлкөгө өткөрүү, ал эми 14ү боюнча соттук териштирүү жүргүзүү керек деп санашат. Бул коопсуздук кеңешинин көптөгөн мүчөлөрүнүн пикири.
Ал эми коопсуздук кеңешинин мүчөсү, Башкы прокурор Азимбек Бекназаров кылмыш жасагандыгынан шектелген 14 адамды Өзбекстанга өткөрүп берүү зарыл деп эсептөөдө, деп билдирди Турсунбек Акун. Башкы прокурор мындай талапты укуктук негизге таянып коюуда. Башкы прокурордон айырмаланып, президенттин алдындагы адам укуктарын коргоо комиссиясы 29 адамдын 25ин үчүнчү өлкөгө өткөрүп берүүнү жактоодо.
Анткен менен биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Куловдун журналисттерге билдиргенине караганда, өзбек тарап 29 адамдын ичинен 12 адамды өткөрүп берүүнү талап кылып жатат. Жергиликтүү журналисттердин маалыматтары боюнча, Оштогу тергөө изоляторуна өзбекстандык атуулдарды алып кетүү үчүн бир күн мурда Өзбекстандан эки автоунаа келип, бирок укук коргоочулардын, эл аралык уюмдардын киришүүсүнөн улам кайра бош кайтып кетишти. Өзбекстандын ушул өңдүү аракеттерине Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары бюросунун башкы комиссары Луиза Арбур тынчсызданып жатканын Орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Анткен менен жергиликтүү коомдук-саясий чөйрөдө Өзбекстан менен Кыргызстан ортосундагы саясий, социалдык-экономикалык мамилелердин татаалдашып кетиш ыктымалдыгы божомолдонууда. Бирок бардык алакалардан адам укуктары бийик болушу керек деп эсептегендердин бири «Кыргызстан демократиялык кыймылы» саясий партиясынын төрагасы Жыпар Жекшеев болду:
- Күнүмдүк биздин жеген наныбыз кымбат эмес, адамды коргоп кала турган принциптер кымбатыраак болушу керек.
«Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилова эгер шек келтирчү жагдайлар түзүлсө, ал Өзбекстан лидери тарабынан гана болушу мүмкүн дейт:
- Ошон үчүн ал киши да түшүнүшү керек. Эл аралык деңгээлде жана кошуна катары жаңы өкмөткө эч кандай кысым жасабашы керек. Анткени, биз эгемендүү мамлекетпиз.
Президенттин алдындагы адам укуктарын коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун бул маселе эки өлкө ортосундагы мамилеге зак кетирет деген ойдон алыс:
- Дүйнөлүк коомчулуктун пикири менен эсептешпей жашаш кыйын. Каримов да бизди түшүнөт деп ойлойм. Анча-мынча таарынышы мүмкүн. Нааразылыгын айтышы мүмкүн. Бирок ал киши чоң саясатчы, эки өлкөнүн ортосундагы мамилеге шек кетпеш керек.
Бул аралыкта Өзбекстан тараптан Өзбекстандык качкындарды үчүнчү өлкөгө которуу аракеттерине байланыштуу расмий пикир таратылгандыгы кабарлана элек.