Кубанычбек Жолдошев, Ош Ош шаарындагы убактылуу тергөө абагында кармалып турган 29 өзбек атуулунун тагдырына байланышкан талаш маселелердин аягына али чекит коюла элек. Кыргыз бийликтери аталган атуулдардын өздүгүн толук тактап, арасындагы кылмышкерлерин Өзбекстанга кайтарып бериш керек дешсе, жергиликтүү укук коргоочулар жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү аларга качкын макамын ыйгаруу жана коопсуздугун камсыз кылуу зарылдыгын белгилешүүдө.
Айрым маалымат булактарына караганда, 27-июлда Кыргыз өкмөтүнүн коопсуздук кеңешинде Оштогу 29 өзбек атуулунун жыйырма бешин үчүнчү өлкөгө жөнөтүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Бирок эртеси эртең менен эле кыргыз бийликтеринин жогорудагыдай чечими өзгөрүүгө дуушар болгон.
Эл аралык “Хюман райтс вотч” уюмунун директорунун орунбасары Алесандр Петров Оштогу тергөө абагында отурган өзбек качкындарынын мындан аркы тагдырын чечүүдө Кыргызстандын Башкы прокурору Азимбек Бекназаровдун позициясы түшүнүксүз болуп жатат деген пикирин билдирди:
- Оштогу 29 өзбек качкынынын тагдырын чечүүдө Азимбек Бекназаровдун жеке позициясынын артыкчылыгы, өзбек бийликтеринин басымы жана башка факторлордун бардыгы биринчи кезекте Кыргызстандын Конституциясынын жана эл аралык милдеттемелеринин бузулушуна алып келүүдө. Мунун өзү кыргыз бийлигинин маселени чечүүдө алсыз жана эрксиз экендигин аныктап койду.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн оперативдүү кызматкери Жаныбек Мамираимов убактылуу абакта кармалып турган 29 өзбек атуулунун көпчүлүгү Анжиян түрмөсүнөн качып чыккандар, ошондуктан алардын өздүгүн кылдат иликтөө зарылчылыгы бар деген оюн ортого салды:
- Анжиян окуясында түрмөдөн качып чыккан атуулдарга кандай кылмыш менен түрмөгө түшкөнүнө, Анжиян окуясына кандайча аралашып калгандарын изилдебей туруп эле качкын статусун берип, үчүнчү өлкөгө өткөрүү бул бир чети Кыргызстандын келечеги үчүн туура эмес деп эсептейм.
Анткен менен жергиликтүү талдоочу, “Фергана” гезитинин башкы редактору Орозалы Карасартов Кыргызстанга баш калкалап келген өзбек качкындарынын бардыгы саясий мүнөз менен айыпталгандыгын эске алуу менен кыргыз бийликтери алардын коопсуздугу үчүн кам көрүүсү керек дейт:
- Азыркы жаңы бийлик ойлонуш керек. Анткени алардын деле башынан өтпөдүбү, учурунда аларды эмне деп аташпады, кандай айыптарды такпады. Менимче, ошол 29 адамдын бардыгына негизинен саясий мотив менен күнөөлөр коюлуп атат. Ошондуктан биздин мамлекеттин аларды Өзбекстанга берип салуусун туура эмес деп эсептейм.
Жергиликтүү укук коргоочулардын айтымына караганда, учурда 29 өзбек бозгунун тагдырын чечүү боюнча маселе эки тараптуу негизде кызуу талкууга алынууда. Акыркы маалыматтарга караганда, кыргыз бийликтери 29 өзбек атуулунун он бешине качкын макамын ыйгарууга жана үчүнчү өлкөгө жөнөтүүгө макулдугун берген. Бирок мындай чечимге эл аралык уюмдардын өкүлдөрү макул эмес экендиктерин билдиришкен.