Нарын АЙЫП, Прага Мисирдин Шарм-эл-Шейх шаарында 23-июлда бир нече террордук аракет ишке ашырылгандан кийин өлкөнүн туристтик өндүрүшү оор жоготууларга учурайт деген сөздөр айтыла баштады. Анткен менен, эксперттердин пикиринде, туристтердин Мисирге келиши үзүлбөйт.
Кызыл деңиз боюндагы Шарм-эл-Шейх шаары Мисирдин негизги курортторунун бири, бул жерде өлкөгө келген туристтердин бештен бири эс алат. 2004-жылы Шарм-эл-Шейхке чет өлкөлөрдөн эки миллион турист келген. Курорт шаарда 134 мейманкана бар жана аларда бир мезгилде 33 миң 900 адам тура алат. Туризм министрлигинин айтымында, келерки алты жылдын ичинде шаар мейманканаларындагы орундардын саны эки эсеге көбөйүүгө тийиш.
23-июлда курорттун ар башка жерлеринде бир нече жардыруу болуп, алтымыштан ашык адам набыт кеткенден кийин, бул окуя өлкөнүн туристтик өндүрүшүнө зор зыян тийгизет деген пикирлер айтыла баштады. Мындан сегиз жыл мурда, 1997-жылы Луксор аттуу курорт шаарда террорчулар чет өлкөлүк туристтерге кол салгандан 62 адам өлгөн жана окуядан кийин туристтердин Мисирге келиши чындап эле бир топ азайган. Ишембидеги жырдыруулардан соң Шарм-эл-Шейх шаарынан дагы жекшемби күнү алты миң адам кетти жана үч миң жаңы турист келди. Демейде келген жана кеткендердин саны тең.
Анткен менен өлкөнүн туризм министри Ахмед ал-Маграбинин айтымында, августта туристтердин саны үчтөн бирге азайышы мүмкүн, бирок ноябрда бардыгы кайрадан калыбына келет. "Нью-Йорк таймс" гезити 25-июлда жазып чыкканга караганда, террорчулук дүйнөгө азыр кеңири тарагандакытан, андан коркуп, курортко баруудан баш тарткандардын саны өтө аз, анткени террордук аракеттер курорт эмес жерлерде деле ишке көп ашырылууда. Экинчиден, Шарм-эл-Шейхте курман болгондордун арасында жети гана чет өлкөлүк адам болду, алар Улуу Британия, Алмания, Италия жана Чехиянын жарандары.
Бирок Мисирге Алмания жана Италия сыяктуу мамлекеттерден атайын учактар келип, мекенине кайтууну каалаган туристтерди алып кетти. Орусия жана башка мурдагы советтик жумурияттардан келген туристтер болсо мекенине дээрлик кеткен жок, анын негизги себеби - эс алуусун үзүп, мекенине кайткандарга же кетээр алдында сапардан баш тарткандарга орус туристтик фирмалары кенемте төлөбөйт. Дагы бир себеп - Орусия, Беларус жана Украина сыяктуу мамлекеттердин жарандарына Мисирге баруу үчүн визанын кереги жок.
Орусиянын туристтик агенттиктер ассоциациясынын кызматкери Ирина Тюринанын айтымында, Шарм-эл-Шейхте террордук аракеттер болгон күнү дагы Орусиядан ал жакка кеткен жүргүнчүлөрдүн саны азайган жок:
- Террордук аракетер болгон ишемби күнү жүргүнчүлөр толгон бардык төрт учак тең Шарм-эл-Шейхке учуп кетти. Эч ким планын бузган жок. Анын эртеси, жекшемби күнү кечинде дагы бир учак кетти, ал дагы толук болду.
Украиналык туризм кызматкерлеринин айтымында, биринчи күндөрдө Мисирге кетип жаткан туристтердин саны азайышы мүмкүн, бирок жакын арада абал кайрадан калыбына келет. Беларустук бир туристтин айтымында, мурдагы советтик жумурияттардын калкы террорчулуктан деле коркпой калды:
- Эс алууга баруудан бизди акчанын жоктугу гана токтото алат. Ал жерде өзгөчө деле эч нерсе болгон жок. Бомбалар Орусияда деле жарылып жатат, ошондуктан Мисирге барбай коюуга мен эч себеп көрбөйм.